Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Күнүлөшүнө карата жаман мамиле кылган, ага күн көрсөтпөй куурата берген, башка аялдарга карата күнүлөштүк, ичи тардык мамиледе болгон. Күнүчүл аял. 2. Бирөөгө эрегишүүнү, атаандашып күнүлөгөндү жакшы көргөн, бирөөнүн ийгилигин, жакшы жактарын көрө албаган кызганчаак. Мухаббат койнун ачканда, Күнүчүл жүрөк туйлады (Токомбаев).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Күнү аялдардын бири-бирине карата болгон күнүлүк мамилеси, күнүлөштүк мамиле.
2. Ичи тардык, көрө албастык, атаандашкандык. Кыздар менен ойногон кезиңде да, сенин ушундай эч кимге жол бербеген күнүчүлүк адатыңы көп байкай тургам (Абдукаримов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Күнү аялдардын бири-бирине карата болгон күнүлүк мамилеси, күнүлөштүк. 2. Ичи тардык, бири-бирине эрегишкендик, кызганчаактык, атаандаштык. Ак бетке тамылжыган каны жүрүп, Жүрөккө келе калды күнүчүлүк (Токомбаев).