Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Кандайдыр бир нерсенин (дүнүйөнүн, турмуштун балдарынын ж.б.) убай-урматын, жыргалын, пайдасын көрүү. Көкөтөйдүн көп дүйнө, Калмактар күнүн көрөт бейм («Манас»). Күмүштү тапкан сен болдуң, Күнүн көрдү алты арам («Манас»). Багыңды коргоп жоо сайган, Балдарыңдын күнүн көр (Үмөталиев).Бөйөн, Чаян өлгөндөн кийин Жакып Алтай тоосун таянып, өзүнчө күнүн көрүп турду («Манас»).