Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Күн жаңыдан чыкканда, күн тие баштаганда. Күндүн көзү чачыраганда аттандык. Күндүн көзү чачыраганда бээлерди желеге имерип, кулундарды Чагыр өзү байлады (Осмоналиев). В.: Күндүн нуру чачыраганда. Күрүчбек күндүн нуру чачыраганда жан берди («Ала-Тоо»). Күндүн мурду чачыраганда. Колу-буту чырмалып, оозу таңылган Оросул эртең менен күндүн мурду чачыраганда табылды (Осмоналиев).