Күнөөсү жок, жазыксыз, күнөөлүү эмес. Күнөөсүз ошол ырчыны, Күн тийбес жерге айдаган (Бөкөнбаев). Күнөөсүз болсо, бул бечараны кыйнабай бошотуп жиберсе боло («Ала-Тоо»).
КҮНӨӨСҮЗ ЗЫЯН КЕЛТИРҮҮ – эгер жосун жасаган адам өз аракетинин (аракетсиздигинин) коомдук коркунучтуулугун аңдап билбесе, билүүгө тийиш болбосо же аңдап билиши мүмкүн болбосо же анын коомдук коркунучтуу кесепеттерин баамдай албаса жана иштин жагдайлары боюнча аларды баамдоого тийиш болбосо же баамдашы мүмкүн болбосо жосун күнөөсүз жасалган деп табылат.