Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Кыйынчылыкка, оор абалга дуушар болуу, чоң кайгыга, бактысыздыкка, кырсыкка учуроо. Эгер бул агабыз болбогондо күнүбүз каран болот эле (Жантөшев). Ылайым күнү каран болуп, темселеп калсын (Абду кгимов). Жерге кирсин, күнү каран бир басынса ургаачы, Кайда батам балдар менен, Көөнүм чаппайт көчүүгө («Ала-Тоо»).