КҮНҮ ТУУ
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Бардыгы оюндагысындай, дегениндей, өзү каалагандай болуу, арааны жүрүп туруу. Эркектер дөбөдө кымыз ичишип, калжаң сөздүн күнү тууп... турган кезде, ачык туруп күн күркүрөдү (Осмоналиев). -Ай, Кудай менде! Күнүм тууса көрөрмүн. Унутпа ушунуңду, деди да, Элеман кете берди (Нурпеисов). Кошоматчылардын, байжармат жагынуучулардын күнү тууду («Советгик Кыргызстан»), Күнү тууп, сааты жеткен өңдүү күч алып, жүрөктөрү бийледи (Айтматов).