күнө I то же, чтокүнөө; күнөйүм моя вина; чачымдан көп күнөйүм фольк. грехов у меня больше, чем волос на голове; бул күнөйүн кечир эту вину ты ему прости күнө II ир.южн. древний, ветхий.
КҮНӨГӨР — эпизоддук кейипкер. Казак балбаны. Нескаранын келатканын угуп, кол жыйнап жаткан Манаска келип кошулган казак колунун ичинде К. балбандын да аты аталат (Сагымбай Орозбаков, 1. 218).
то же, чтокүмөн; күнөм сапар сомнительная (с возможными опасностями) дорога; эч кимге күнөмү жок түшүнүктүү болду ни у кого нет сомнений, (всё) стало понятно; күнөм сана- подозревать (что-то неладное); сомневаться; Дарыяхан көп ишенбейт, экөөнөн күнөм санайт Дарыяхан не очень верит, подозревает их обоих; сен күнөм санаганды таштап, тырышып оку ты брось сомневаться, учись старательно.
Шек, кадык. Кыз энесинен сууган жок. Ал жагынан Зейнеп апа да күнөм санаган жок (Айтматов). Ырдатпай койду Током деп, Калбасын менде күнөмүң (Токтогул).
ир. сомневающийся, подозревающий; өз кулагына өзү ишенбей, күнөмдөр болду не веря собственным ушам, он стал сомневаться; өтө күнөмдөр карап калды он посмотрел с большим подозрением, он посмотрел очень подозрительно.
ир. грех; вина, проступок, провинность; күнөөм моя вина; аз айып-күнөө болсо, кечириңиз если есть (за мной) грех-провинность, простите; күнөөгө жыгыл- оказаться виновным; ууру күчтүү болсо, ээси күнөөгө жыгылат погов. если вор силён, то хозяин (украденной вещи) окажется виновным; кай жерден көрдү күнөйүм? в чём он увидел мою вину? күнөө сал- возложить вину, обвинить (доказав); жээ болбосо, Чүрөктүн мойнуна күнөө салып кет фольк. в противном случае возложи вину на Чурек; күнөөгө бат- совершить грех; согрешить.
Коомдук тартипти, жүрүш-туруш нормаларын бузуудан, кандайдыр бир жаңылыштык кетирүүдөн келип чыккан айып, жалпы эле жазыктуу, айыптуу мамиле, кимдир бирөөнүн кылмыштуу аракети. Күнөөсү жок, соту жок, Айдап кеткен болучу (Токтогул). Жашырып койсо жараткан, Жаш жандын кылган күнөөсүн (Токомбаев). Байкуш Бакыда күнөө бар беле? Каяша айтам деп балаага калбадыбы (Байтемиров).
КҮНӨӨ (АЙЫП) – кылмыш-жаза укугунда адамдын
өзүнүн укукка каршы кылыгына (аракетине жана аракетсиздигине) жана анын
натыйжаларына карай маанай мамилеси. Адамдын өзүнүн жүрүм-турумунун обу жоктугун
(укукка каршылыгын) жана ага байланышкан жыйынтыктардын туура эместигин моюнга
алуусун (түшүнүүсүн) билдирет. Юридикалык жоопкерчиликтин зарыл шарты. К.
адамдын мыйзамда белгиленген кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылуу курагына
жеткени жана акыл-эси жайында болгону өбөлгө болот. Жарандык укукта К. –
жарандык укук бузгандыгы үчүн жоопкерчилик шарттары: келишимдик же башка
милдеттенмелерди орундабай, болбосо ойдогудай аткарбай коюу, мыйзамсыз келишим
түзүү, мүлктүк зыян келтирүү ж. б. Жарандык укукту бузган адамдын күнөөсү
болжолдонот; ал жоопкерчиликтен кутулушу үчүн өзүнүн күнөөсү жоктугун далилдөөгө
тийиш. Айрым убактарда К. (м.: эгер зыян өзгөчө коркунучтуу жагдайдан улам
тартылса) сөзсүз жоопко тартууга негиз боло бербейт. К. таризи адатта
жарандык-укуктук жоопкерчиликтин көлөмүнө таасир этпейт. Эларалык укукта К.
катары укук бузуу субъектиси тарабынан жасалганы аныкталган, анын
эларалык-укуктук жоопкерчилигин жараткан факты түшүнүлөт.
КҮНӨӨ (АЙЫП) ПРИНЦИБИ– КР кылмыш-жаза мыйзамдарындагы принциптеринин бири. Ал.: а) адам өзүнүн күнөөсү аныкталган коомдук коркунучтуу аракеттери (аракетсиздиги) үчүн гана кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылат; б) объективдүү айып тагуу, б. а. айыпсыз зыян кылгандыгы үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга жол берилбейт дегенди билдирет.
ир. 1. виновный; преступник; күнөөкөр сыяктуу башын төмөн салды он, как преступник, опустил голову; алар абдан күнөөкөр болгондой төмөн карашты они опустили головы (букв. смотрели вниз), будто были очень виноваты; 2. грешник.
сын.Күнөөлүү, айыптуу, кылмышкер; жазыктуу. Күкүгү элем
көп элдин, Күнөөкөр болуп сеңделдим (Токтогул). Эрке кыз күнөөкөр сыяктуу табышын акырын чыгарды (Байтемиров).
1. Күнөөсү бар, жазыгы бар, кетирген жаңылыштыгы үчүн жооптуу, айыптуу. Адам баласын айбанга теңеген киши күнөөкөр (Сыдыкбеков). Эрке кыз күнөөкөр сыяктуу табышын акырын чыгарды (Байтемиров). 2. Мыйзамга, үрп-адат эрежелерине ылайык айыпталуучу адам, сот жообуна тартылган кылмышкер. Доочу менен күнөөкөрдүн сөзүн уккандан кийин бий чекир көзүн жуумп, бир аз ойлонуп отурду (Каимов). Күкүгү элем көп элдин, Күнөөкөр болуп сенделдим (Токтогул).
уподоб. откүнөөкөр представляться или как бы считать себя виновным, преступником; атасын ошол бир көргөндө тааныбагандыгына күнөөкөрсүп, жер карады он опустил голову (букв. смотрел в землю), как бы признав себя виновным; он опустил голову, будто преступник.
этиш. Күнөө коюу, айыптоо, күнөөлүү деп эсептөө. Жакындагы жоболоңдуу окуя үчүн Салык Мамбеткулду күнөөлөйт (Каимов). [Бурулча] Алтындын адамгерчилигин мактаган менен каттабай койгондугу үчүн күнөөлөдү (Байтемиров).
обвинять; Жапекти, эмне деп, күнөөлөмөк эле? а в чём он может обвинить Джапека? кан, катынын күнөөлөп, мунааранын башынан таштатканын ырдаңыз спойте о том, как хан, обвинив жену свою, приказал сбросить её с минарета.
Күнөө коюу, айыптоо, күнөөлүү деп эсептөө. Жакындагы жоболоңдуу окуя үчүн Салык Мамбеткулду күнөөлөйт (Каимов). Бурулча Алтындын адамгерчилигин мактаган менен, каттабай койгондугу үчүн күнөөлөдү (Байтемиров).
1. предосудительный; күнөөлүү иш нехорошее дело, предосудительный поступок; 2. виновный, преступник; же бир жеринен жазып күнөөлүү болдумбу? или я в чём-нибудь ошибся и провинился?
Күнөөсү бар, жүрүм-туруму же кандайдыр бир айыптуу иши боюнча уятка калгыдай, күнөөкөр болгудай жаңылыштыгы бар, айыптуу, кылмыштуу. Карабек, сенин мага акырая карай турган жөнүң бар, баарына өзүм күнөөлүүмүн (Каимов). Күнөөлүү – деп, баарына, Статья арналган (Казыбек). Булар күнөөлүү эмес, баарын баштаган менмин,– деп чынымды айттым (Токомбаев). Негедир күнөөлүүдөй жалтаңдайт (Усубалиев).
Күнөөсү жок, жазыксыз, күнөөлүү эмес. Күнөөсүз ошол ырчыны, Күн тийбес жерге айдаган (Бөкөнбаев). Күнөөсүз болсо, бул бечараны кыйнабай бошотуп жиберсе боло («Ала-Тоо»).
КҮНӨӨСҮЗ ЗЫЯН КЕЛТИРҮҮ – эгер жосун жасаган адам өз аракетинин (аракетсиздигинин) коомдук коркунучтуулугун аңдап билбесе, билүүгө тийиш болбосо же аңдап билиши мүмкүн болбосо же анын коомдук коркунучтуу кесепеттерин баамдай албаса жана иштин жагдайлары боюнча аларды баамдоого тийиш болбосо же баамдашы мүмкүн болбосо жосун күнөөсүз жасалган деп табылат.
зат. Күн тийип турган жер, күн тийген жак. Эркин жайлоо, атыр жел, Элим күнөс чыгышта (Осмонкул). Күнөс түштүк күчү менен макталат, Колхозчулар кар дөбөдөй пахта алат (Аалы).
КҮНӨС — топоним. Көзкамандар Манасты ууландырганын билген Каныкей Манастын кийимин кийинип, «Манастап» ураан чакырып Өгүз-Ашуу, Тай-Ашуу аркылуу Күнөс, Жылдыз, Кош-Талаадан өтөт (Курама вариант, 1. 285). Географиялык реалияда Иле дарыясынын баш куймаларынын бири.
КҮНӨС — эпизоддук кейипкер, казак балбаны. Нескара менен болгон уруштагы калмак балбаны Даң-даңдын колунан курман болуп, жер анын атынан Күнөс аталган делет (Сагымбай Орозбаков, 1. 219— 220).
Күн нуруна кактануу, күн чубактаган, күн нуруна бөлөнгөн абалда болуу. Тамдын төбөсүндө күнөстөп жаткан тооктор туш-тушка качты (Сыдыкбеков). Турсунаалы менен Кабыл сарайдын түбүндө күнөстөп отурушту (Элебаев).
сын. Күн тийип турган, күндүү, күн жакшы тийген. Күнөстүү кыргыз тоолорунда кышкысын.. кар түшпөй турган.. жерлер бар (Каимов). Эмчегине ууз жыйнап, Күнөстүү жерге мал барат (Токобаев).
Күн тийип турган, жаркырап жайнап, күнү ачык болуп турган учурлары көп, күн жакшы тийген. Эмчегине ууз жыйнап, Күнөстүү жерге мал барат (Токобаев). Кийгизмек элең кызыңа Күнөстүү Оштун жибегин (Үмөталиев). Күнөстүү жаркыраган Түштүк мына (Үмөталиев).