КҮН КӨРҮҮ
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Жашоо, өмүр сүрүү, оокат-тиричилик кылуу. Сүйбөгөндөн кийин, анын үстүнө апсыйган картаң чал менен кантип күн көрүүгө болот?! (Абдукаримов). Орозкулдун колун карап, күн көрүп жүргөнүңдү билбейсиңби? (Айтматов). В.: Күн өткөрүү. Тополоң ошонусу менен эл кыдырып, күн өткөрөт, бала-бакырасын багат (Осмоналиев).