КҮН
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Жер жана башка планеталар тегерегинде айланып жүрүүчү, өзүнөн жарык нур, жылуулук таратып, негизги жана борбордук планета катарында эсептелүүчү асман телосу. Жер Күндүн айланасында айланат. – Түш болуп калган экен го, – деп саанчы Калбүбү күндү карады (Убукеев). || өт. Күн нуру. Канаты күнгө чагылып, Учканын кара ак куунун (Бөкөнбаев). Жаман эшик ансыз да күнгө какшып араң турган эле (Сыдыкбеков). Сугатчы салмак аттаса, ийниндеги кетмени күнгө чагылышат (Сыдыкбеков). 2. Эртеден кечке чейинки сутканын бир бөлүгү, таң аткандан караңгы киргенге чейинки мезгил. Мына, күн узарып, жылуулук берди (Убукеев). Ач карын түлкү жаткан ичтен тынып, Узун күн, үңкүрчөдө ташка бугуп (Бөкөнбаев). Күн кечтеп, аба салкындады (Баялинов). 3. Сутка, 24 саатты ичине алган мезгил. Күн артынан күн өтүп, акыры алтынчы ноябрь болду (Убукеев). Алты айыбыз отуздан жүз сексен күн болсун (Убукеев). 4. Жалпы эле мезгил, кандайдыр бир окуяларды, белгилүү бир учурларды, жыл мезгилин ичине алган убакыт. Күндөр бизден күлгүндөй кезди жулуп, калганына караткан жолдор мына (Чотурова). Азыркы күндө 32 миң коюбуз бар (Убукеев). Кийинки күндө Шабыраалы өзү да шалакы болуп кетти (Байтемиров). Согуштун оор күндөрүнүн бири эле (Сасыкбаев). || Белгилүү бир доор, жашоо мезгили, замана. Кызык күнүң өткөрүп Койбогула, кыздар ай! (Токтогул). 5. Жашоо абалы, жан сактоо, өмүр сүрүү шарты, оокат-тиричилик, турмуш. Чыгым анда толуп кетип, Элдин күнү куурулган (Токомбаев). Эч адамга салбасын, Элсизде көргөн күнүмдү (Токтогул). Балгартта калган биздин эл, Кандай күндө болду экен («Эр Табылды»). 6. Мүчөлдүк тарых, айдын белгилүү катар саны, кандайдыр бир окуяга, салтанатты белгилөөгө арналган дата. Аялдардын эл аралык күнү. Илим күнү. Эгемендүүлүк күнү. 7. Жаан-чачын, тумандуулук, абанын температурасы сыяктуу атмосферанын ал абалы, аба ырайы. Быйыл күн жаанчыл болду (Жантөшев). Күн бүркөк, дыбыраган жамгыр бар болсо керек эле (Сыдыкбеков). Бүгүн күн чайыттай ачык (Сыдыкбеков).