Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Жашоо, өмүр өткөрүү, жансактоо, бала-чакасын, үй-бүлөсүн асыроо. Атам жарыктык, ошол жерди мекендеп, жайдыр-кыштыр эч кимге кошулбай күн кечирип, бизди асырап келген экен (Медетов). В.: Күн кечүү. Жалганчы болуп жүргүчө, Жалгыз жүрүп күн кечем (фольк.). Бирок бөтөн журттун колундагы аялдардын турмушу кандай болуп, күн кечери Ажарга белгисиз (Баялинов).