КҮН КАРАМА
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Кошоматчы, эки жүздүү, күчтүүрөк болуп бараткан, алдуу-күчтүү жактын, тараптын сөзүн сүйлөгөн. Кээ адам күн карама, эки жүздүү, Бул адам тууралыктан үмүт үздү (Тоголок Молдо). Күн карама оюлгур, Күлүп сүйлөп жалтактап (Тоголок Молдо). Уч жакка чойгон үч жааттын ортосунда аргасыз жылмаңдаган күн карамага айланып, өзүнүн амандыгын сактаган оңой, бирок... (Касымбеков).