Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Кордук көрсөтүү, тынчтык бербөө, өтө начар мамиле жасоо, өз жайына койбой, үстөмдүк кылып, тынчын ала берип жүдөтүү. Бирок мунун кайын энеси башынан өч болучу. Күн көрсөтчү эмес (Элебаев). Ушинтип отурсаң мага күн көрсөтпөйсүң го, - деп, дагы оңураңдап шарт чыгып жөнөгөнүм эсимде (Айтбаева). Мурдатан орун алып калган неме күнүлүк кылып, кийинки барган мага күн көрсөтпөс (Эшмамбетов).