(мн. ч. балдар, реже балалар) 1. дитя, ребёнок; сын, мальчик (в старом быту); бала-бото см.бото I 3; балаң барбы? - Жок, эки кызым бар У тебя дети есть? - Нет, есть две дочери; балдарым, балдарым - башы-көзү чалдайым дети мои, дети, - головы и глаза у них, как у моего старика (говорит мать, глядя на детей своих и вспоминая покойного мужа); эркек бала или уул бала мальчик, сын; кыз бала девочка, дочь; бала кылып ал- усыновить; балдар 1) дети; 2) южн.перен. жена; бала-чака или бала-бакыра или (реже) бала-барыка дети (по отношению к родителям), семья (по отношению к её главе); бала-чакалуу или бала-бакыралуу семейный, детный, имеющий детей (о мужчине и о женщине); турмуш куруп, жадырап-жайнап, бала-бакыралуу болсом дейт он говорит: "Хочу жениться, стать семейным и наслаждаться"; 2. внук (по мужской линии); балдар үйү детский дом, детдом; балдар бакчасы детский сад, детсад; бала чак время детства; детские годы, детство; баланын сөзү детские (несерьёзные) разговоры; бала сал- иметь выкидыш; бала салуу выкидыш (как процесс); атанын баласы 1) сын (достойный) своего отца; 2) уст. благородного происхождения (сын знатных или богатых родителей); же, мен атанын баласы эмес белем? а я-то хуже других, что ли? тор бала охот. птица (ловчая), пойманная в сеть; кол бала охот. 1) гнездарь (птица, взятая из гнезда ещё птенцом); 2) ист. мальчик, находящийся в чужом доме в услужении; уя бала охот.то же, чтокол бала 1; түн баласында всю ночь, ночь-ноченскую; түн баласында уйку көрбөй чыктым я всю ночь не спал; түн баласынын көбүндө кирпик какпай многие ночи (проводил), не смыкая глаз; баладай подобный ребёнку (о чём-л., что должно быть обычно небольшим, но в данном случае непомерно болыиом); жүрөгү уктап жаткан баладай сердце у него подобно спящему ребёнку; баладай камыр жуурду она замесила теста как на маланьину свадьбу (букв. с ребёнка); баласы южн. ключ (от замка); бала көр- см.көр- III; күйөө бала см.күйөө; эрке бала см.эрке; боз бала см.боз I.
зат.1. Бой жете элек жаш уул, кыз; жалпы эле уул, кыз (ата-энесине карата). Кыз бала, эркек бала.— Канча балаң бар? — десе, абышка: — Эки уулум, үч кызым бар,— деди («Ала-Тоо»).
2. Айбанаттардын, канаттуулардын жашы, жаш төлү. Аркардын баласы. Бала баскан бүркүттөй. 3. Улуу адамдар өзүнөн кичүүлөргө, өз балдары курактууларга кайрылганда айтылат. Ырас, балам Искендер, журттан айла кетти (Турусбеков). Тааныбадым, кай баламсың, кулунум (Аалы).
4. өт. Жаш, такшалбаган, кагылбаган. Али бала эле бойдон экенсиң да! Бала эле бойдон турбайбы! ♦ Ата-баладай — өтө жакын, бири-бирин сыйлашкан, ынак. Мындан кийин Токтогул менен кабарлашып, атабаладай болуп жүрдүк (Тоголок Молдо). Бозбала — бой тартып калган эркек бала. Кыз-келин менен өң боз бала көлдүн кылаасына чыгышты (Сыдыкбеков). Баласалуу — туур маалына жетпей бала таштап, төл бербей калуу. Түнбаласы — түн бою, таң атканча. Түн баласында уйку көрбөй чыктым.Эркебалак.эрке. Бала-бакыражебала-чака — балдар, өспүрүмдөр. Жапарды көргөндө балабакыра.. аны менен бирге ээрчип келишти (Баялинов).
child (noun)
An account holder who is a family member, but not a parent, and who has limited use of the Internet. Children can view their own settings, but they can't change them.
бала бала-бакыра бала-бакыралуу бала басты болуу (көп балалуу түйшүк бала-бото бала жандуу (баланы сүйгөн) бала кыял бала салуу (бала өлүү түшүү) бала-чака бала-чакалуу балдар адабияты балдар үйү
Наристе, жаш бөбөк, жалпы эле уул, кыз (ата-энесине карата). Эне төрөйт баланы, Жарайт деп түрдүү намыска (Жантөшев). Бала оюнга тойбойт (макал). Эмчектеги жаш бал,а Алар замат ыйлады (Тоголок Молдо). Кыз да болсо бала да, Кыйналат ата балага (Токтогул). || Али жаш, чоң адамдардын катарына кошула элек, кыйынчылыктарды көрө элек, тажрыйбасыз. Сен азыр баласың, кээде чоң кишилердин оюна түшпөгөн иштерге убара болосуң (Сыдыкбеков). Ой, кокуй ой, баланын сөзүн сүйлөйсүң да («Ала-Тоо). || Чоңоё элек, жаш, кичине. Көчө жээктей тигилген бала теректер сыйда тартып, мектептин чатырчасы күнгө чагылышат (Сыдыкбеков). Бала каздай басканы да жайма-жай (Токомбаев). 2. Жалпы эле улуулардын өзүнөн кичүүлөргө карата кайрылуусунда колдонулат. Кой, сен да убара болбо, балам (Сыдыкбеков). Искендер балам, эмнеге кекеткидейсиң (Турусбеков). Тааныбадым, кай баламсың, кулунум? Айтып бердим, эстегиниң бардыгын (Токомбаев). 3. Айбанаттардын жаш төлүнө, канаттуулардын балапандарына карата колдонулуучу жалпы ат. Карга баласын аппагым дейт, кирпи баласын жумшагым дейт (макал). 4. Жүгөрүнүн жаңыдан алган, толук бышып жетиле элек сотосу. Ар бир түбү экиден-үчтөн бала кучактап, кыйгас дүмбүл кези экен (Касымбеков). //Жүгөрүнүн негизги сабагына жанаша түбүнөн кошо чыккан майда, мажес сабакчалары. Жүгөрүнүн балдарын жулуп, кечинде уй келгенде берүүгө даярдап койду.
Бул сөз түрк тилдерине индия тилдеринен келип кирген болуу керек. Анткени байыркы түрк жазууларында бала сөзү «жаныбарлардын баласы» же «кул» деген мааниде гана болгон (ДТС 80). Анын ордуна огул деген сөз колдонулган. Уры огул «уул, эркек бала» дегенди, кыз огул «кыз, кыз бала» дегенди билдирген (ДТС, 364). Индия тилдеринин бири болгон урду тилинде бала сөзү 1) балакай, балача; 2) «куулук шумдуксуз» деген маани берет. Ал эми бал «уул, улан», деген маани билдирет, балак сөзү «жаш бала, эмчектеги бала» деген маани берет. Ушуларга караганда бала деген сөз байыркы түрк каганатынан кийинки мезгилде, болжолу, караханиддердин тушунда индия тилдеринен түрк тилдерине кабыл алынган болуу керек.
ар. беда, несчастье, напасть; эмне балаа болду? что за напасть (случилась) ? бир балаа болгон го дейм думаю, что-то стряслось; балаага кал- или балаага тутул- попасть в беду; жаман менен жолдош болсоң, балаасына каласың погов. с дурным поведёшься, с ним и беду разделишь; билген миң балаадан кутулат, билбеген миң балаага тутулат погов. сведущий от тысячи бед избавляется, несведущий в тысячу бед попадает; балаа сал- навлекать беду, подвергать беде; азап салдың атаңа, балаа салдың бабаңа фольк. ты заставил страдать своего отца, навлёк беду ты на своего деда; балаа көр- пережить несчастье; бала көрбөй атакең, балаа көргөн турбайбы фольк. да ведь твой батюшка получил (в твоём лице) не дитя, а несчастье; балаа-каза бедствия и несчастья; балаа басып по несчастью; балаа баскыр! бран. чтоб тебя (его) нелёгкая задавила! кокус балаа см.кокус;
зат.1. Кырсык, шор, бакытсыздык, балакет. Билими бар ар балаадан кутулат, билими жок миң балаага тутулат (макал).
2.өт. Кыйын, өткүр, шок. Сен балаа экенсиң.
Монгол тилинде бархира «крикун, плакса» деген маанини билдирет (МРС 1957:65). Сыягы, азыр мааниси унутулуп кеткен бакыра сөзү бакыр-, баркыра- деген сыяктуу этиштер менен тектеш болсо керек, анткени кыргыз тилиндеги баркыраак деген сөз монгол тилиндегидей эле «крикливый; крикун» деген маанини билдирет (Юдахин 1965:111).
Ал эми бала сөзүнө келе турган болсок, бул сөз түрк тилдерине санскрит тилинен өткөн деген пикир басымдуулук кылат (ЭСТЯ 1978:48-49; Сейдакматов 1988 :238).
Бир үй-бүлөнүн балдары, кыздары, уй-бүлө башчысынан башкалары, бала-чака, өңчөй жаш балдар. Жапарды көргөндө бала-бакыра дебей аны менен бирге ээрчип келишти (Баялинов).
Удаа-удаа жүйүр төрөй берип, бала-бакырадан чыга албай калуу, көпчүлүккө аралаша албай калуу. Жеңем жашынан эле бала басты болуп, отуруп калды («Кыргызстан аялдары»). Чүкүй бала басты болуп чүнчүгөн да жок (өмүрбаев).
Удаа-удаа, жүйүр-жүйүр төрөй берип бала-бакырадан чыга албай калуу, ээн, эркин боло албай калуу. Жеңем жашынан эле бала басты болуп, отуруп калды («Кыргызстан аялдары»). Чүкүй бала басты болуп чүнчүгөн да жок (Өмүрбаев).
Туулганы, төрөлгөнү, жарык дүйнөгө келгени, жаралганы, өмүрүндө. Бала болуп башыма жүн чыкканы мындай кепти уккан эмесмин (Токобаев). В.: Башына жүн чыкканы. Башына жүн чыкканы бакырганы ушул болуу керек, Орозкулга туталана ачууланды (Айтматов).
Өз ата-энеси болбосо да, башка бирөөлөргө өз баласы катарында туруп калуу, өз тукумдары катарында алынып кетүү Аралаш конуп бир жүрүп, Бала болуп калды эми («Олжобай менен Кишимжан»).
р.сев. шалаш, лёгкий навес для защиты от солнца (обычно в поле); тордомо коон, дарбыз айдап, балаганда жайлай жаткан стих. посадив дыни и арбузы, он всё лето жил в шалаше.
м. 1. уст. (деревянная постройка на ярмарке) балаган (жармаңке соодасы үчүн же оюн коюу үчүн жыгачтан жасалган үй); 2. уст. (зрелище) көчмө театр; 3. перен. одоно калжың.
1. Көчмө театр. Орто кылымдарда балаган көчүп жүргөн артисттердин сахнасы катары пайдаланылган. 2. Көңүл көтөрө турган оюн-зоок, комедиянын бир түрү. Көбүнчө циркте маскарапоздор ойнойт, мюзик-холлдо, кинодо да пайдаланылат. 3. Убактылуу жашоого ылайыкталып жасалган чөп алачык. Бул жакшы акыл. Балаганды жасап алабыз да, иштей беребиз (Байтемиров).
балак I ир.ист. бич, палка (орудие телесного наказания); балак ал- или балак ур- подвергнуть телесному наказанию (палками, бичом); балак урул- страд. отбалак ур-; жүз камчы балак урулду (наказуемому) было нанесено сто ударов плетью; балак урдур- приказать подвергнуть телесному наказанию. балак II балак-балак эт- то же, чтобалакта-; балак-балак эткен семиз келин тучная молодуха, потрясающая своими телесами; кетменчи жигиттер ансайын балак-балак этишип, улам күүлөнүшөт здоровенные парни, работающие кетменями, всё с большей и большей силой делают взмахи; багалеги балак-балак этет его широкие штанины болтаются.
Iзат. Адамды уруп жазалоодо колдонулган курал (камчы, таяк). Кутулдук го түбөлүк Бай-манап кескен балактан (Токтогул). Казыга салып жүз камчы балак урдурду (Жантөшев).
БАЛАКII: балак-балактуур. Балпылдоо, балп-балп этүү. Кетменчи жигиттер ансайын балак-балак этишип.. күүлөнүшөт (Сыдыкбеков).
тар. Адамды уруп жазалоодо колдонулуучу тасма кайыш камчы, тилке калакча таяк сыяктуу курал. Молдо колун көтөрүп, балагы менен бир-эки деп санап, мени урганын гана билем (Баялинов). Менин жонумдан балак алдырып, өзүмдү кордоп кууп чыкты (Бектенов). Балага урду балакты («Манас» С. О.).
балака I южн. молодая поросль грецкого ореха; молодое деревцо грецкого ореха. балака II южн. то же, чтобалагат; балакага жеткен достигший совершеннолетия.
Балдарга карата эркелете айтууда колдонулат. Кечээ гана көчөдө топ кубалап жүргөн балакай, бир эле күнү күйөрмандардын сүймөнчүлүгүнө жетип, жарданган көпчүлүктүн оозуна илинет (Айтматов).
БАЛАКАН — эпизоддук кейипкер, Манастын чоң аталарынын бири, Каракандын атасы. Манастын бабалары тууралуу баянда белдүү баатыр адам катары эскерилет (Саякбай Каралаев, 1. 27).
Бир этаждуу үйлөрдүн үстүнө эс алып жатууга ылайыкталып, экинчи этаж сыяктанып курулган чатырча, бөлмө, веранда, атайын жай. Нүзүп балакананын эскирип калган жыгач тепкичтерин жай кычыратып басып жерге түштү (Касымбеков).
1. Балкайып толуп, же салаңдап турган нерсенин көрүнүшүн билдирүүдө колдонулат. Уйлардын желиндери сүт толуп чыңалгандыктан балак-балак этет. 2. Кийим-кечектин этек-жеңи, багалек кенен келип, балактаган көрүнүшүн, балпактап иштеген кыймыл-аракетти билдирүүдө колдонулат. Салкынга эргий түшкөн кетменчи жигиттер ан сайын балак-балак күүлөнүшөт (Сыдыкбеков).
ар. 1. беда, несчастье, напасть, большая неприятность; барган жериң от болсун, балакети жок болсун! пожелание место, куда ты отправишься, пусть изобилует травой и бед там пусть не будет!; чоң бир балакет башталбасын как бы не случилась какая неприятность; балакет чыгар- поднять свару, вызвать скандал; балакет сал- навлечь беду; балакетти дөөлөргө салып турган кези экен фольк. (это был) момент, когда он громил исполинов; балакетке учура- нарваться на неприятность; балакетке кал- попасть в беду; балакетке калба сын! как бы он не попал в беду!; кап, балакет! ах, несчастье!; ух, чтоб ему!; балакетти кара! вот беда!; балакет-салакет беды и напасти; балакетиңди алайын! ласк. приму на себя твои беды! (ласковое обращение, напр. матери к своему ребёнку); балакет алдыр- заставить принять на себя чьи-л. беды; сени чакырып, балакетими алдырат белем? думаешь, я тебя позвал потому, что ты можешь быть моим избавителем? (очень-то мне нужно! Дело в другом); балакет болуп на беду, к несчастью, как на зло; 2. (о человеке) бедовый, дошлый; балакет баскан непутёвый; кандай балакет баскан эмесиң! что ты за непутёвый такой!; балакет баскыр! бран. чтоб тебе (ему) неладно было!; балакеттей здорово чертовски; балакеттей билет он чертовски хорошо знает.
зат.1. Балаа, кырсык, бактысыздык. Бул балакет согушту чыгарган ким болсо да, оңолбосун! (Сыдыкбеков).
2. өт. Кыйын, айлакер, өткүр, көптү көргөн, шок. Балакет чыккан жашынан, Көкөтөйдүн Бокмурун Камдап койгон башынан («Манас»).
♦ Балакетиңдиалайын — жалынып, бирөөнү жакшы көрүүдө айтылат.
1. Балаа, кырсык. Кайраттуу эрдин барында, Балакет кайда дээр элек («Сейтек»). Чын балакет баштаптыр, Чымын жандан бечара, өлдүм деп кечип таштаптыр («Сейтек»). 2. өт. Айлакер, амалдуу, кыйын. Ой сараң кыз балакет, Тамакка кылдың аракет (Тоголок Молдо). Ал балакет болуп кетсе да колунан эмне келет (Байтемиров).
Кырсык чалгыр, жакшылык көрбөгүр, жаманчылыкка дуушар болгур деген сыяктуу наалат айтуу, каргоо маанисинде колдонулат. О, балакет баскыр десе! - Алкы бузулган манаптар, атаң бербесе деле торпокту алат эле да! - деп Сурма терең үшкүрдү (Жантөшев). «Мындайга көз да тийбейт, балакет баскыр», - деп ойлоду Кылычбек (Жакыпбеков).
Кырсык чалгыр, жакшылык көрбөгүр, жаманчылыкка дуушар болгур деген сыяктуу наалат айтуу, каргоо, урушуу маанисинде колдонулат. – О, балакет баскыр десе! Алкы бузулган манаптар, сапаң бербесе деле торпокту алат эле да! – деп Сурма терең үшкүрдү (Жантөшев). «Мындайга көз да тийбейт, балакет баскыр», – деп ойлоду Кылычбек (Жакыпбеков).
Мага асылба, тийишпе, мага келүүчү кырсык, кыйынчылык сага келсин, менден айлан деген маанидеги наалат айтуу, каргоо. Менин балакетимди албай жөн жүр. Көрсө, менин балакетимди алып жүргөн ошол экен да («Чалкан»).
Мага асылба, тийишпе, мага келүүчү кырсык, кыйынчылык сага келсин, менден айлан деген маанидеги наалат айтуу, каргоо. Менин балакетимди албай жөн жүр. Көрсө, менин балакетимди алып жүргөн ошол экен да («Чалкан»).
бирөөгө (көбүнчө балага же өзүнөн кичүүлөргө карата) жакшы көргөндүгүн билдирип, жалынып-жалбаруу иретинде колдонулат. Балакетиңди алайын, өзүңдү жакшы алып, жылуу кийинип жүр («Ала-Тоо»). Балакетиңди алайын жылдызым, уктап жатса да кабагы жарык (Сыдыкбеков). Балакетиңди алайын, туура кылыпсың ошону (Жусупов).
Бирөөгө (көбүнчө балага, өзүнөн кичүүлерге) жалынып-жалбаруу, жакшы көрүү маанисинде колдонулат. - Балакетиңди алайын, оорукчан элең, - деп уулуна айтып тиги кемпир көзүнө жаш алды (Мидин). Балакетиңди алайын, туура кылыпсың ошону (Жусупов). Балакетиңди алайын, ал сенин атаңды катуу кадырлайт (Тойбаев).
Кандайдыр бир коогалуу, жаман ишке кабылуу, кырсыктуу ишке дуушар болуу. - Сак бол, жолдош Белек. Бир балакетке калба. Ар бир ишти өзүң байкап турбасаң, кай бир кишилер сыртынан сатып жибериши да ыктымаал (Жантөшев).
Кандайдыр бир коогалуу, доолуу жаман ишке кабылуу, кырсыктуу ишке дуушар болуу. – Сак бол, жолдош Белек. Бир балакетке калба. Ар бир ишти өзүң байкап турбасаң, кай бир кишилер сыртынан сатып жибериши да ыктымал (Жантөшев).
Абдан укмуш, кыйын. Ал андайларды балакеттей билет, жөн эле ошентип жатса керек. Ал эсеп-кысапты балакеттей билет, алдыра койбос («Чалкан»). Ой, аның балакеттей өжөр неме экен («Кыргызстан маданияты»). Балакеттей тың келин.
Ал абдан укмуш, кыйын, анын билбегени жок. Ал андайларды балакеттей билет, жөн эле ошентип жатса керек. Ал эсеп-кысапты балакеттей билет, алдыра койбос («Чалкан»),
приносящий беду, несчастье; мурун куру талаа эле, балакеттүү бир тоосу пайда болуп калыптыр фольк. раньше (здесь) была просто степь, вдруг на беду появилась гора.
понуд. отбалакта-; байыркынын кийгени: көчүгүндө чалбары - балактатып кең кылган, багалеги саймалуу стих. раньше (люди) носили штаны широкие, болтающиеся сзади, штанины с узором.
Бала тууп; төлдөө (айбандарга карата). Коёндор жылына эки-үч жолу балалайт. 2. Көбөйүү, бөлүнүп-бөлүнүп жанына дагы кошулуп чыгуу. Жаралары ырбап, балалап, жайылып кетти. || Арбуу, күчөө, көбөйүү. Ташып жатат ичимде, Ырдын кени балалап (Тоголок Молдо).
1. имеющий детей; жаш балалуу аялдар женщины, имеющие малых детей; женщины с малыми детьми; эки балалуу имеющий двух детей; агайындын кадырын жалалуу болсоң билерсиң, ата-эненин кадырын балалуу болсоң билерсиң погов. ценность друга познаешь, когда будешь оклеветан, ценность родителей - когда сам будешь иметь детей; катын-балалуу киши человек, имеющий жену и детей; семейный человек; балалуу-чакалуу имеющий детей; многодетный; 2. уст. имеющий сына, сыновей (см.бала 1); эр жеткен эркек бала жок, балалууда санаа жок фольк. нет (у меня) взрослого сына, у кого есть сын, у того нет заботы.
Баласы бар, баласы көп. Бир балалуу. Беш балалуу. Балалуу марал. Агайындын кадырын жалаалуу болсоң билерсиң, ата-эненин кадырын балалуу болсоң билерсиң (макал). Экөө таттуулук менен өмүр сүрүп, балалуу да болот (Жантөшев).
Түшүнбөстүгүң, билбестигиң көп, кагыла электигиң көрүнүп турат деген сыяктуу анча-мынча жеме оодаруу маанисинде. Бизге кеңешпей туруп ушундай иш кыласыңбы? Балалыгың башыңдан чоң. Эми ойлонушалы, эптеп айласын табуу керек («Ленинчил жаш»).
Түшүнбөстүгүң, билбестигиң көп, кагыла электигиң көрүнүп турат деген сыяктуу анча-мынча жеме оодаруу маанисинде. Бизге кеңешпей туруп ушундай иш кыласыңбы? Балалыгың башыңдан чоң. Эми ойлонушалы, эптеп айласын табуу керек («Ленинчил жаш»).
1. детство; балалыкта эмнелер болбойт в детстве чего только не бывает; канаттуу куштай балалык кайрылып келбейт окшодуң фольк. детство, ты, что крылатая птица, видно, не вернёшься; балалык чак детские годы, детство; детский возраст; айткан тилим албаса, балалыктан кечемин стих. если он меня не послушается, он не сын мне; 2. ребячество, детская наивность; балалыгың башыңдан чоң молод ты ещё и зелен (букв. детского у тебя больше, чем твоя голова); балалык кылба не ребячься.
зат.1. Бала чак, эң жаш кез, жаштык. — Узун түнгө эрмек болсун, эмесе, мен балалыктан баштайын (Аалы). Фрунзе, сүйгөн шаарым, сүйгөн калаам, Жаш күнүм, балалыгым сенде калган (Осмонов).
2. Аркы-беркини көп байкабагандык, кагылбагандык, жеңил мүнөздүүлүк. Сынап көрсөң менде тентек балалык, Сымап болуп чимирилем таралып (Аалы). Балалыгың болбосо, Бар эле сенин үнөмүң (Токтогул). Балалыгың башыңдан чоң.
1. Бала кез, бала чак. Балалык чак бүлбүлдөп артта калууда (Сыдыкбеков). Кайран жашты жоктодум, Канаттуу куштай балалык, Кайрылып келбейт окшодуң (Токтогул). 2. өт. Бала мүнөздүүлүк, баланын ишин кылгандык, кагылбагандык. Баласың да, балалыгың менен адамга баа беришти билбейсиң (Сыдыкбеков). Балалыгың болбосо, Бар эле сенин үнөмүң (Токтогул). Бекер кылыпсың, балам: Балалык кылыпсың. «Жолоочуну ээрчип ит өлөт», – дейт (Бейшеналиев).
Билбестик, түшүнбөстүк менен кемчилик кетирүү, туура эмес иш жасоо. - Бекер кылыпсың, балам. Балалык кылыпсың. «Жолоочуну ээрчип ит өлөт», -дейт (Бейшеналиев).
Бир нерсеге бат ишенгич, буруу-терүүгө көп түшүнбөгөн момундук жайы бар, жумшак. Жеңем мен бир нерсе айтсам жок дебеген, менин оюмдан чыкпаган бала мүнөз жан эле («Ала-Тоо»).
ар. то же, чтобаланча; балан шаарда в таком-то городе; балан киши такой-то человек; балан деген жөк он ничего (такого) не сказал; балан-түкүн или балан-бастан или балан-байдубан или балан-бакүн такой вот да этакий, такой вот да сякой; балан-бастан дебестен без каких-либо оговорок или отговорок; балан-бастан дедирбей не называя каких-либо нареканий или замечаний; же болбосо, көз ымдап, балан-бакүн дедимби? стих. иль я подмигнул и что-нибудь такое сказал?
Iсын. Белгисиз, кандайдыр бир. Кай бири балан жердеги бир тойго баргысы келет (Жантөшев).
♦ Балан-бастан — аркы-берки, өйдө-ылдый сөздөр. Балан-бастан дедирбей, Башка сөздү айттырбай, Басып келип бер беди (Тоголок Молдо). Кел, кетелик, Аткантаң, Балан-бастан дебестен (Тоголок Молдо).
Кимдир бирөөнү, кандайдыр бир нерсени, белгисиз тарапты эскерүүдө кандайдыр бир айтылган сөзгө шилтөө берүүдө колдонулат. Баландын аты күлүк деп, Бастандын аты күчтүү деп («Манас»). Калың аргын, көп кыргыз, Бөтөнчө эл Канчоро, Качан балан дегиздим? («Сейтек»). Балан жерде чакырыптыр десе, түндү түн, күндү күн дебестен, уруп кете беришет (Жантөшев).
(Balanoglossus) баланоглосстор; ичегиси менен дем алуучу жандыктардын бир уруусу, булардын төмөнкү түрлөрү белгилүү: баланоглосс гигантский (Balanoglossus gigas) — дөө баланоглосс, б. Ковалевского (Saccoglossus kowalevskii) — Ковалевский баланоглоссу, б. Купфера — Купфер баланоглоссу, б. Мережковского (Saccoglossus mereshkowskii) —Мережковский баланоглоссу ж. у. с.
Баланс (Balance, balance sheet) —1) Количественное соотношение, состоящее из двух частей, которые должны быть равны друг другу, т.к. представляют поступление и расходование одного и того же количества денег, товара. Например, при равенстве экспорта и импорта товаров и сохранении их запасов наблюдается баланс их производства и потребления в течение определенного периода времени. Балансы составляются в натуральной форме (в физическом измерении) и в денежной форме (в стоимостном измерении). Самые разнообразные балансы используются в целях анализа, учета, планирования хозяйства всей страны (бюджетный баланс, платежный баланс, межотраслевой баланс), хозяйства, фирмы (бухгалтерский баланс, баланс основных средств, финансовый баланс), домашнего хозяйства (баланс доходов и расходов семьи, потребительский бюджет). Баланс считаютактивным, если поступления опережают и превышают платежи, т.е. наблюдается положительный остаток. В противном случае баланс называют пассивным.
Balance (proper noun)
A SmartArt graphic layout used to compare or show the relationship between two ideas. Each of the first two lines of Level 1 text corresponds to text at the top of one side of the center point. Emphasizes Level 2 text, which is limited to four shapes on each side of the center point. The balance tips towards the side with the most shapes containing Level 2 text. Unused text does not appear, but remains available if you switch layouts.
баланс I м. баланс (1. бухг. ишкананын белгилүү мөөнөттүн ичиндеги каражатынын абалы жөнүндөгү ведомость; 2. эк. өлкөнүн тышка чыгарган жана киргизгендеринин ара катышы). баланс II м.тех. баланс (целлюлоза чыгарыла турган жыгач материалы).
Баланс (Balance, balance sheet) —Эки бөлүктөн турган сандык катыш, алар бири-бирине дал келүүгө тийиш, анткени ал бирдей сандагы акчанын, товардын келип түшүүсүн жана чыгымдалышын түшүндүрөт. Мисалы, товарлардын экспорту жана импорту бирдей болуп, алардын запасы сакталып турган шартта, белгилүү бир мезгил ичинде аларды өндүрүү менен керектөөнүн теңсалмакта экендиги (балансы) байкалат. Баланс физикалык өлчөө жана акча формасында (нарктыкөлчөө) түзүлөт. Ар түрдүү баланстар бүтүндөйөлкөнүн чарбалык ишине (бюджеттик баланс, төлөм балансы, тармактар аралык баланс), фирманын чарбалык ишине (бухгалтердик баланс, негизги каражаттар балансы, финансылык баланс), үй чарбаларына (үй-бүлөнүн кирешелери жана чыгашалар балансы, керектөө бюджети) талдап-иликтөлөрдү жүргүзүү, эсепке алуу, пландаштыруу максатында колдонулат. Эгерде, келип түшүүлөр төлөмдөр көлөмүнөн артып кетсе баланс активдүүкатары эсептелинет, б.а. алгылыктуу калдык байкалат, мындай деңгээлге жетишилбесе баланспассивдүү катары саналат.
БУХГАЛТЕРДИК БАЛАНС ( фр. balance – тараза) – субъектинин отчеттук мезгилге чейинки мүлктүк жана каржы абалын мүнөздөөчү документ. Субъектинин Б. б-сы филиал, өкүлчүлүк ж. б. бөлүмдөрүнүн, ошондой эле өзалдынча бөлүнгөн баланса көрсөткүчтөрүн камтууга тийиш. Б. б. жана анын түшүндүрмө катынын мазмуну менен таризи бир отчеттук мезгилден кийинкисине карай түзүлөт. Б. б-та биринчи отчеттук мезгилдеги көрсөткүчтөрдөн тышкары, отчеттон мурунку мезгилдеги көрсөткүчтөр зарыл өзгөртүүлөр менен кошо келтирилет. Ал өзгөрүүлөрдүн арбири анын түшүндүрмө катында чечмеленип берилүүсү керек. Зарылдыгына жараша статьяларды бөлүштүрүү менен, акча статьялары анын маанисин түшүндүргөн башка маалыматтар менен толукталат.
МАМЛЕКЕТТИК БЮДЖЕТ БАЛАНСЫ – мамлекеттин акчалай кирешеси менен чыгымдарынын өзара катышы. Чыгымдардын кирешеден оодук болуусу бюджет таңсыктыгын туудурат.
балансировать I несов. (сохранять равновесие) баланстоо, салмагын тең кармоо; балансировать на канате дардын (аркандын) үстүндө басууда салмагын тең кармоо. балансировать II несов. что, бухг. баланстоо (кириш менен чыгышты салыштыруу).
ЖАРМАКТАШ БАЛАНС – башкы жана анын туунду коомдорунун ишмердүүлүгү, каржы абалы боюнча биргелешкен эсеп-кысап отчеттуулугу. Өнөржайлык-каржы топтордун (ушул сыяктуу башка бирикмелердин дагы) ичинде жүргөн өзара алыш-бериштер кошкабат эсепке кириптер болбосун үчүн Ж. б-тан алынып салынат.
Баланстык отчет (Balance sheet) —Фирманын белгилүү бир мезгил ичиндеги активдери, пассивдери жана өздүк капиталынын таза наркы тууралуу жыйынтыкталган отчет; фирманын бухгалтердик балансы.
Забалансовые обязательства (Off-balance liabilities) —Договорные условные обязательства, не отраженные на данный момент на балансовых счетах банка, но которые могут привести к выполнению принятых обязательств в будущем, т.е. к оттоку денежных средств.
Забалансовые операции (Off-balance sheet transactions) —Операции по забалансовым счетам, не отражающимся в балансе банка. К таким операциям относятся инкассо ценных бумаг, хранение банковской отчетности и ценных бумаг, операции по хранению денег и ценностей (складские операции) и др.
Забалансовый счет (Off-balance account) —Учетный счет, отражающий денежные права или обязательства, которые могут реализоваться при определенных условиях. Забалансовый счет не включается в баланс, не отражается в его активах и пассивах
БАЛАНСТАН ТЫШКАРКЫ ЭСЕП – ошол ишканага менчик
катары тийиштиги жок каражаттарды эсепке алууга багытталган бухгалтердик эсеп
(м.: ижарага алынган негизги каражаттар; жооптуу сактоого алынган
товардык-материалдык баалуулуктар; монтаждоо үчүн кабыл алынган жабдуулар;
менчиктештирүү чектери ж. б.). Эки ирет жазуу усулу менен чагылдырылуучу
баланстык эсептен айырмаланып, Б. т. э. бир гана жолу жазылат. М.: негизги
каражаттарды ижарага алууда жазуу ижарага алынган негизги каражаттардын
дебетинде гана көрсөтүлөт, аларды ижара берүүчүгө кайтарууда – кредит эсеби
боюнча гана жазылат.
Балансовый отчет (Balance sheet) —Сводный отчет об активах, пассивах и чистой стоимости собственного капитала фирмы на определенный период; бухгалтерский баланс фирмы.
Жогору, бийик, өөдө. Жөн Орозкул эмес, корук токойдун кудурети чоң кожоюну деген атка конуп, мартабасы балант көтөрүлөт (Айтматов). Жетим кайдан чоңойсун, Жастыгын балант койбосоң («Эл адабияты»).
ар.-кирг. энный, такой-то (о человеке, предмете, времени, месте и т.д.); баланча шаарда в таком-то городе; балаичанын уулу сын такого-то; баланча жери жара у него там-то рана, он в такое-то место ранен; баланчаныкы принадлежащий такому-то; баланчаныкына барганда когда пошли к такому-то; баланчадай шартта в таких-то условиях.
Кандайдыр бир белгисиз бирөөнү, тарапты, жерди, нерсени, конкреттүү болбогон санды, өлчөмдү, убакытты, жалпы айтылган сөздү билдирүүдө колдонулат. Молдокең кызыма баланча кара, бустанча пул бересиң дейт го (Абдукаримов). Баланча жоону өлтүрүп, Башын кесип койдум дейт («Манас»). Геологдор болсо, баланча жерде көмүр бар деп гана белги урушат (Сасыкбаев). Баланча оору деп эч ким айта албайт (Жантөшев).
БАЛАНЫ АЛМАШТЫРУУ – үйбүлөгө жана жашы жете электерге каршы жасалган кылмыш. Пайда көрүү же бөлөк жаман ой-максаттар менен жасалган алмаштыруу гана кылмыш-жаза жоопкерчилигине жатат. Кылмыш-жаза мыйзамы боюнча Б. а. – бул, жаңы төрөлгөн наристени төрөт үйүндө же балдар үйүндө башкасы менен алмаштыруу, ошондой эле баланы энеси, башка туугандары же мыйзамдуу өкүлдөрү өз баласын таанууга жана алмаштырууну билүүгө мүмкүн болбогон жагдай. Бул баланы энеси биринчи жолу эмизгенге чейин, энеси каза болуп калган учурларда баланы атасына же башка мыйзамдуу өкүлүнө берген учурда ж. б. алмаштыруу болушу мүмкүн.
Болбогон, орундалбай турган, ордунан чыкпай турган, анча ишенимдүү болбогон. Ой, кокуй оой, баланын сөзүн сүйлөйсүң да («Ала-Тоо»). – А сен, үч жылдык түшүмүн да ала келесиңби?! Таза баланын сөзү, – деди өтөгөн өз сөзүндө көшөрүп (Абакиров). – Э, баланын сөзүн сүйлөйсүң да (Мырзаев).
Болбогон, орундалбай турган, ордунан чыкпай турган анча ишенимдуу болбогон. Ой, кокуй оой, баланын сөзүн сүйлөйсүң да («Ала-Тоо»). - А сен, үч жылдык түшүмүн да ала келесиңби?! Таза баланын сөзү, - деди Өтөгөн өз сөзүндө көшөрүп (Абакиров). - Э, баланын сөзүн сүйлөйсүң да (Мырзаев).
БАЛАНЫН УКУКТАРЫ – балдарга тийиштүү адам укуктары; алардын өзүнчө бөлүнүшү баарыдан мурда бир жагынан – балдар жашы жетпегендердин баардык укуктарына жыйындысына ээ эместиги (баардык мамлекеттердин мыйзамдары боюнча) менен, ал эми экинчи жагынан – алардын курактарына, үйбүлөдөгү абалдарына ж. б. д. у. с. менен байланышкан атайын өзгөчө укуктарга акылуу, же ээ болуулары керек экени менен шартталган. Эларалык жана улуттук деңгээлдерде Б. у. жөнүндө атайын актылар кабыл алынууда (1959-жылкы Баланын укуктары жөнүндө декларация, 1989-жылкы Баланын укуктары жөнүндө конвенция ж. б.)
зат.1. Канаттуулардын баласы. Өрдөктөр үчөө.. Бири соно, бири чүрөк, үчүнчүсү балапан (Жантөшев).
2. өт. Эң эле жаш, жаш өспүрүм. Мына угиундай балапан кезде ойногон жерлер (Сыдыкбеков). Мен бир чыккан эмгекчиден балапан (Аалы).
1. Канаттуулардын жөжөсү, баласы. Кара чыйырчыктын балапандары жылуу уяда чоңоюшчу (Сасыкбаев). Ак сары менен бөктөргү Аңдыганы балапан (Тоголок Молдо). 2. өт. Жаш өспүрүм, бөбөк, али жаш, жаш бала, баралына жете элек. Назгүл балапан кезин дал ушул Фрунзе шаарында өткөргөн (Бейшеналиев). Мен бир чыккан эмгекчиден балапан (Токомбаев).
Чоңоё элек, өсүп жетиле элек, турмуштун ачуу-таттуусун башынан өткөрө элек, өтө жаш. Байымбет балапан жүнү бата электе, жаштайынан жетимдиктин үстөкө-босток соккусунан жилкини түгөнүп, маанайы пас жүргөн... (Бейшеналиев). В.: Балапан түгү түшө элек. Сурма бетинен балапан түгү түшө элек, ак жуумал, уяң көз, бир мүнөздүү он беш жашар кыз (Бейшеналиев). Чырымтал жүнү түшө элек, Оозунан сүтү кете элек (фольк.).
Баланын айтканы келет, бала мурун сезет, баланын оозунда жакшы тилек болот деген маанилерде колдонулат. – Бала периште болот дейт. Тилегиңерден тегеренейин.
БАЛАСАГЫН — топоним. Ошондой кылымдарда гүлдөп турган Чүй өрөөнүндөгү тарыхый шаар. Эпосто Булагасын (Сагымбай Орозбаков, 2. 79, 95, 120) деген ат менен учурайт. к. Булагасын.
Туур маалына жетпей, төлү эртерээк өлүү түшүү. Мал арык болсо, бала салып, төлү чыгымдуу болушу мүмкүн («Ленинчил жаш»). В.: Бала таштоо. Былтыр бала таштап койгон.
этиш. Бирөөнү жагасын туу, бала катарында көрүү, бала сыяктуу мамиле кылуу. Динарды баласынтып кебине анча көңүл бөлбөй келаткан койчу азыр анын айткандарына ичтен ыраазы болду (Сыдыкбеков).
уподоб. отбала считать ребёнком, мальчиком; аны баласынтып, өзүнүн сырын Каныбекке айтпай жүргөн считая Каныбека (ещё) мальчиком, своего секрета ему не открывал; ал мени баласынтпайт, мамилебиз теңтуш кишилердей он меня ребёнком не считает, наши отношения такие, как между ровесниками.
Бала деп саноо, жашсынтуу, балага жасагандай мамиле жасоо. Динарды баласынтып кебине анча көңүл бөлбөй келаткан койчу азыр анын айткандарына ичтен ыраазы болду (Сыдыкбеков).
Түркмөн тилинде чага деген сөз «бала» деген маанини билдирет. Кыргыз тилинин түштүк диалектисинде жана Талас говорунда эмчектеги бала «чакалак» деп аталат жана сөздүктө эмнегедир иранизм катары белгиленип калган (Юдахин 1965:836). Түштүк диалектиде сейрек учурларда чака деп да колдонулат: отуруп алса бакадай, сүйлөп калса чакадай (Мукамбаев 2009:1013).