Киргизско-русский словарь Юдахина
ар.
1. беда, несчастье, напасть, большая неприятность;
барган жериң от болсун, балакети жок болсун! пожелание место, куда ты отправишься, пусть изобилует травой и бед там пусть не будет!;
чоң бир балакет башталбасын как бы не случилась какая неприятность;
балакет чыгар- поднять свару, вызвать скандал;
балакет сал- навлечь беду;
балакетти дөөлөргө салып турган кези экен фольк. (это был) момент, когда он громил исполинов;
балакетке учура- нарваться на неприятность;
балакетке кал- попасть в беду;
балакетке калба сын! как бы он не попал в беду!;
кап, балакет! ах, несчастье!; ух, чтоб ему!;
балакетти кара! вот беда!;
балакет-салакет беды и напасти;
балакетиңди алайын! ласк. приму на себя твои беды! (ласковое обращение, напр. матери к своему ребёнку);
балакет алдыр- заставить принять на себя чьи-л. беды;
сени чакырып, балакетими алдырат белем? думаешь, я тебя позвал потому, что ты можешь быть моим избавителем? (очень-то мне нужно! Дело в другом);
балакет болуп на беду, к несчастью, как на зло;
2. (о человеке) бедовый, дошлый;
балакет баскан непутёвый;
кандай балакет баскан эмесиң! что ты за непутёвый такой!;
балакет баскыр! бран. чтоб тебе (ему) неладно было!;
балакеттей здорово чертовски;
балакеттей билет он чертовски хорошо знает.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Балаа, кырсык, бактысыздык. Бул балакет согушту чыгарган ким болсо да, оңолбосун! (Сыдыкбеков).
2. өт. Кыйын, айлакер, өткүр, көптү көргөн, шок. Балакет чыккан жашынан, Көкөтөйдүн Бокмурун Камдап койгон башынан («Манас»).
Балакетиңди алайын — жалынып, бирөөнү жакшы көрүүдө айтылат.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Балаа, кырсык. Кайраттуу эрдин барында, Балакет кайда дээр элек («Сейтек»). Чын балакет баштаптыр, Чымын жандан бечара, өлдүм деп кечип таштаптыр («Сейтек»). 2. өт. Айлакер, амалдуу, кыйын. Ой сараң кыз балакет, Тамакка кылдың аракет (Тоголок Молдо). Ал балакет болуп кетсе да колунан эмне келет (Байтемиров).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Кырсык чалгыр, жакшылык көрбөгүр, жаманчылыкка дуушар болгур деген сыяктуу наалат айтуу, каргоо маанисинде колдонулат. О, балакет баскыр десе! - Алкы бузулган манаптар, атаң бербесе деле торпокту алат эле да! - деп Сурма терең үшкүрдү (Жантөшев). «Мындайга көз да тийбейт, балакет баскыр», - деп ойлоду Кылычбек (Жакыпбеков).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Кырсык чалгыр, жакшылык көрбөгүр, жаманчылыкка дуушар болгур деген сыяктуу наалат айтуу, каргоо, урушуу маанисинде колдонулат. – О, балакет баскыр десе! Алкы бузулган манаптар, сапаң бербесе деле торпокту алат эле да! – деп Сурма терең үшкүрдү (Жантөшев). «Мындайга көз да тийбейт, балакет баскыр», – деп ойлоду Кылычбек (Жакыпбеков).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Мага асылба, тийишпе, мага келүүчү кырсык, кыйынчылык сага келсин, менден айлан деген маанидеги наалат айтуу, каргоо. Менин балакетимди албай жөн жүр. Көрсө, менин балакетимди алып жүргөн ошол экен да («Чалкан»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
бирөөгө (көбүнчө балага же өзүнөн кичүүлөргө карата) жакшы көргөндүгүн билдирип, жалынып-жалбаруу иретинде колдонулат. Балакетиңди алайын, өзүңдү жакшы алып, жылуу кийинип жүр («Ала-Тоо»). Балакетиңди алайын жылдызым, уктап жатса да кабагы жарык (Сыдыкбеков). Балакетиңди алайын, туура кылыпсың ошону (Жусупов).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Бирөөгө (көбүнчө балага, өзүнөн кичүүлерге) жалынып-жалбаруу, жакшы көрүү маанисинде колдонулат. - Балакетиңди алайын, оорукчан элең, - деп уулуна айтып тиги кемпир көзүнө жаш алды (Мидин). Балакетиңди алайын, туура кылыпсың ошону (Жусупов). Балакетиңди алайын, ал сенин атаңды катуу кадырлайт (Тойбаев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Кандайдыр бир коогалуу, жаман ишке кабылуу, кырсыктуу ишке дуушар болуу. - Сак бол, жолдош Белек. Бир балакетке калба. Ар бир ишти өзүң байкап турбасаң, кай бир кишилер сыртынан сатып жибериши да ыктымаал (Жантөшев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Кандайдыр бир коогалуу, доолуу жаман ишке кабылуу, кырсыктуу ишке дуушар болуу. – Сак бол, жолдош Белек. Бир балакетке калба. Ар бир ишти өзүң байкап турбасаң, кай бир кишилер сыртынан сатып жибериши да ыктымал (Жантөшев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Абдан укмуш, кыйын. Ал андайларды балакеттей билет, жөн эле ошентип жатса керек. Ал эсеп-кысапты балакеттей билет, алдыра койбос («Чалкан»). Ой, аның балакеттей өжөр неме экен («Кыргызстан маданияты»). Балакеттей тың келин.