Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Кырсык чалгыр, жакшылык көрбөгүр, жаманчылыкка дуушар болгур деген сыяктуу наалат айтуу, каргоо, урушуу маанисинде колдонулат. – О, балакет баскыр десе! Алкы бузулган манаптар, сапаң бербесе деле торпокту алат эле да! – деп Сурма терең үшкүрдү (Жантөшев). «Мындайга көз да тийбейт, балакет баскыр», – деп ойлоду Кылычбек (Жакыпбеков).