Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Кырсык чалгыр, жакшылык көрбөгүр, жаманчылыкка дуушар болгур деген сыяктуу наалат айтуу, каргоо маанисинде колдонулат. О, балакет баскыр десе! - Алкы бузулган манаптар, атаң бербесе деле торпокту алат эле да! - деп Сурма терең үшкүрдү (Жантөшев). «Мындайга көз да тийбейт, балакет баскыр», - деп ойлоду Кылычбек (Жакыпбеков).