БАЛАНЫН СӨЗҮ
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Болбогон, орундалбай турган, ордунан чыкпай турган анча ишенимдуу болбогон. Ой, кокуй оой, баланын сөзүн сүйлөйсүң да («Ала-Тоо»). - А сен, үч жылдык түшүмүн да ала келесиңби?! Таза баланын сөзү, - деди Өтөгөн өз сөзүндө көшөрүп (Абакиров). - Э, баланын сөзүн сүйлөйсүң да (Мырзаев).