БАЛАН
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Кимдир бирөөнү, кандайдыр бир нерсени, белгисиз тарапты эскерүүдө кандайдыр бир айтылган сөзгө шилтөө берүүдө колдонулат. Баландын аты күлүк деп, Бастандын аты күчтүү деп («Манас»). Калың аргын, көп кыргыз, Бөтөнчө эл Канчоро, Качан балан дегиздим? («Сейтек»). Балан жерде чакырыптыр десе, түндү түн, күндү күн дебестен, уруп кете беришет (Жантөшев).