Киргизско-русский словарь Юдахина
1. детство;
балалыкта эмнелер болбойт в детстве чего только не бывает;
канаттуу куштай балалык кайрылып келбейт окшодуң фольк. детство, ты, что крылатая птица, видно, не вернёшься;
балалык чак детские годы, детство; детский возраст;
айткан тилим албаса, балалыктан кечемин стих. если он меня не послушается, он не сын мне;
2. ребячество, детская наивность;
балалыгың башыңдан чоң молод ты ещё и зелен (букв. детского у тебя больше, чем твоя голова);
балалык кылба не ребячься.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Бала чак, эң жаш кез, жаштык. — Узун түнгө эрмек болсун, эмесе, мен балалыктан баштайын (Аалы). Фрунзе, сүйгөн шаарым, сүйгөн калаам, Жаш күнүм, балалыгым сенде калган (Осмонов).
2. Аркы-беркини көп байкабагандык, кагылбагандык, жеңил мүнөздүүлүк. Сынап көрсөң менде тентек балалык, Сымап болуп чимирилем таралып (Аалы). Балалыгың болбосо, Бар эле сенин үнөмүң (Токтогул). Балалыгың башыңдан чоң.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Бала кез, бала чак. Балалык чак бүлбүлдөп артта калууда (Сыдыкбеков). Кайран жашты жоктодум, Канаттуу куштай балалык, Кайрылып келбейт окшодуң (Токтогул). 2. өт. Бала мүнөздүүлүк, баланын ишин кылгандык, кагылбагандык. Баласың да, балалыгың менен адамга баа беришти билбейсиң (Сыдыкбеков). Балалыгың болбосо, Бар эле сенин үнөмүң (Токтогул). Бекер кылыпсың, балам: Балалык кылыпсың. «Жолоочуну ээрчип ит өлөт», – дейт (Бейшеналиев).