БАЛАЛЫК
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Бала кез, бала чак. Балалык чак бүлбүлдөп артта калууда (Сыдыкбеков). Кайран жашты жоктодум, Канаттуу куштай балалык, Кайрылып келбейт окшодуң (Токтогул). 2. өт. Бала мүнөздүүлүк, баланын ишин кылгандык, кагылбагандык. Баласың да, балалыгың менен адамга баа беришти билбейсиң (Сыдыкбеков). Балалыгың болбосо, Бар эле сенин үнөмүң (Токтогул). Бекер кылыпсың, балам: Балалык кылыпсың. «Жолоочуну ээрчип ит өлөт», – дейт (Бейшеналиев).