Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Көчмө театр. Орто кылымдарда балаган көчүп жүргөн артисттердин сахнасы катары пайдаланылган. 2. Көңүл көтөрө турган оюн-зоок, комедиянын бир түрү. Көбүнчө циркте маскарапоздор ойнойт, мюзик-холлдо, кинодо да пайдаланылат. 3. Убактылуу жашоого ылайыкталып жасалган чөп алачык. Бул жакшы акыл. Балаганды жасап алабыз да, иштей беребиз (Байтемиров).