Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Балкайып толуп, же салаңдап турган нерсенин көрүнүшүн билдирүүдө колдонулат. Уйлардын желиндери сүт толуп чыңалгандыктан балак-балак этет. 2. Кийим-кечектин этек-жеңи, багалек кенен келип, балактаган көрүнүшүн, балпактап иштеген кыймыл-аракетти билдирүүдө колдонулат. Салкынга эргий түшкөн кетменчи жигиттер ан сайын балак-балак күүлөнүшөт (Сыдыкбеков).