Түркмөн тилинде чага деген сөз «бала» деген маанини билдирет. Кыргыз тилинин түштүк диалектисинде жана Талас говорунда эмчектеги бала «чакалак» деп аталат жана сөздүктө эмнегедир иранизм катары белгиленип калган (Юдахин 1965:836). Түштүк диалектиде сейрек учурларда чака деп да колдонулат: отуруп алса бакадай, сүйлөп калса чакадай (Мукамбаев 2009:1013).