Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Канаттуулардын баласы. Өрдөктөр үчөө.. Бири соно, бири чүрөк, үчүнчүсү балапан (Жантөшев).
2. өт. Эң эле жаш, жаш өспүрүм. Мына угиундай балапан кезде ойногон жерлер (Сыдыкбеков). Мен бир чыккан эмгекчиден балапан (Аалы).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Канаттуулардын жөжөсү, баласы. Кара чыйырчыктын балапандары жылуу уяда чоңоюшчу (Сасыкбаев). Ак сары менен бөктөргү Аңдыганы балапан (Тоголок Молдо). 2. өт. Жаш өспүрүм, бөбөк, али жаш, жаш бала, баралына жете элек. Назгүл балапан кезин дал ушул Фрунзе шаарында өткөргөн (Бейшеналиев). Мен бир чыккан эмгекчиден балапан (Токомбаев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Чоңоё элек, өсүп жетиле элек, турмуштун ачуу-таттуусун башынан өткөрө элек, өтө жаш. Байымбет балапан жүнү бата электе, жаштайынан жетимдиктин үстөкө-босток соккусунан жилкини түгөнүп, маанайы пас жүргөн... (Бейшеналиев). В.: Балапан түгү түшө элек. Сурма бетинен балапан түгү түшө элек, ак жуумал, уяң көз, бир мүнөздүү он беш жашар кыз (Бейшеналиев). Чырымтал жүнү түшө элек, Оозунан сүтү кете элек (фольк.).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Чоңое элек, өсүп жетиле элек, турмуштун ачуу-таттуусун башынан өткөрө элек, өтө жаш. Байымбет балапан жүнү бата электе, жаштайынан жетимдиктин үстөкө-босток соккусунан жилкини түгөнүп.. маанайы пас жүргөн... (Бейшеналиев).