Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Чоңоё элек, өсүп жетиле элек, турмуштун ачуу-таттуусун башынан өткөрө элек, өтө жаш. Байымбет балапан жүнү бата электе, жаштайынан жетимдиктин үстөкө-босток соккусунан жилкини түгөнүп, маанайы пас жүргөн... (Бейшеналиев). В.: Балапан түгү түшө элек. Сурма бетинен балапан түгү түшө элек, ак жуумал, уяң көз, бир мүнөздүү он беш жашар кыз (Бейшеналиев). Чырымтал жүнү түшө элек, Оозунан сүтү кете элек (фольк.).