Т. Абдиев. "Сөз башат". Этимологические этюды
Монгол тилинде бархира «крикун, плакса» деген маанини билдирет (МРС 1957:65). Сыягы, азыр мааниси унутулуп кеткен бакыра сөзү бакыр-, баркыра- деген сыяктуу этиштер менен тектеш болсо керек, анткени кыргыз тилиндеги баркыраак деген сөз монгол тилиндегидей эле «крикливый; крикун» деген маанини билдирет (Юдахин 1965:111). Ал эми бала сөзүнө келе турган болсок, бул сөз түрк тилдерине санскрит тилинен өткөн деген пикир басымдуулук кылат (ЭСТЯ 1978:48-49; Сейдакматов 1988 :238).