Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Наристе, жаш бөбөк, жалпы эле уул, кыз (ата-энесине карата). Эне төрөйт баланы, Жарайт деп түрдүү намыска (Жантөшев). Бала оюнга тойбойт (макал). Эмчектеги жаш бал,а Алар замат ыйлады (Тоголок Молдо). Кыз да болсо бала да, Кыйналат ата балага (Токтогул). || Али жаш, чоң адамдардын катарына кошула элек, кыйынчылыктарды көрө элек, тажрыйбасыз. Сен азыр баласың, кээде чоң кишилердин оюна түшпөгөн иштерге убара болосуң (Сыдыкбеков). Ой, кокуй ой, баланын сөзүн сүйлөйсүң да («Ала-Тоо). || Чоңоё элек, жаш, кичине. Көчө жээктей тигилген бала теректер сыйда тартып, мектептин чатырчасы күнгө чагылышат (Сыдыкбеков). Бала каздай басканы да жайма-жай (Токомбаев). 2. Жалпы эле улуулардын өзүнөн кичүүлөргө карата кайрылуусунда колдонулат. Кой, сен да убара болбо, балам (Сыдыкбеков). Искендер балам, эмнеге кекеткидейсиң (Турусбеков). Тааныбадым, кай баламсың, кулунум? Айтып бердим, эстегиниң бардыгын (Токомбаев). 3. Айбанаттардын жаш төлүнө, канаттуулардын балапандарына карата колдонулуучу жалпы ат. Карга баласын аппагым дейт, кирпи баласын жумшагым дейт (макал). 4. Жүгөрүнүн жаңыдан алган, толук бышып жетиле элек сотосу. Ар бир түбү экиден-үчтөн бала кучактап, кыйгас дүмбүл кези экен (Касымбеков). //Жүгөрүнүн негизги сабагына жанаша түбүнөн кошо чыккан майда, мажес сабакчалары. Жүгөрүнүн балдарын жулуп, кечинде уй келгенде берүүгө даярдап койду.