Русско-кыргызский словарь и глоссарий банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
Баланс (Balance, balance sheet) —Эки бөлүктөн турган сандык катыш, алар бири-бирине дал келүүгө тийиш, анткени ал бирдей сандагы акчанын, товардын келип түшүүсүн жана чыгымдалышын түшүндүрөт. Мисалы, товарлардын экспорту жана импорту бирдей болуп, алардын запасы сакталып турган шартта, белгилүү бир мезгил ичинде аларды өндүрүү менен керектөөнүн теңсалмакта экендиги (балансы) байкалат. Баланс физикалык өлчөө жана акча формасында (нарктыкөлчөө) түзүлөт. Ар түрдүү баланстар бүтүндөйөлкөнүн чарбалык ишине (бюджеттик баланс, төлөм балансы, тармактар аралык баланс), фирманын чарбалык ишине (бухгалтердик баланс, негизги каражаттар балансы, финансылык баланс), үй чарбаларына (үй-бүлөнүн кирешелери жана чыгашалар балансы, керектөө бюджети) талдап-иликтөлөрдү жүргүзүү, эсепке алуу, пландаштыруу максатында колдонулат. Эгерде, келип түшүүлөр төлөмдөр көлөмүнөн артып кетсе баланс активдүүкатары эсептелинет, б.а. алгылыктуу калдык байкалат, мындай деңгээлге жетишилбесе баланспассивдүү катары саналат.