БАЛА
Краткий этимологический словарь кыргызского языкаБул сөз түрк тилдерине индия тилдеринен келип кирген болуу керек. Анткени байыркы түрк жазууларында бала сөзү «жаныбарлардын баласы» же «кул» деген мааниде гана болгон (ДТС 80). Анын ордуна огул деген сөз колдонулган. Уры огул «уул, эркек бала» дегенди, кыз огул «кыз, кыз бала» дегенди билдирген (ДТС, 364). Индия тилдеринин бири болгон урду тилинде бала сөзү 1) балакай, балача; 2) «куулук шумдуксуз» деген маани берет. Ал эми бал «уул, улан», деген маани билдирет, балак сөзү «жаш бала, эмчектеги бала» деген маани берет. Ушуларга караганда бала деген сөз байыркы түрк каганатынан кийинки мезгилде, болжолу, караханиддердин тушунда индия тилдеринен түрк тилдерине кабыл алынган болуу керек.