Энциклопедия "Манас". ч.1.
БАЛАКАН — эпизоддук кейипкер, Манастын чоң аталарынын бири, Каракандын атасы. Манастын бабалары тууралуу баянда белдүү баатыр адам катары эскерилет (Саякбай Каралаев, 1. 27).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бир этаждуу үйлөрдүн үстүнө эс алып жатууга ылайыкталып, экинчи этаж сыяктанып курулган чатырча, бөлмө, веранда, атайын жай. Нүзүп балакананын эскирип калган жыгач тепкичтерин жай кычыратып басып жерге түштү (Касымбеков).