кир I то же, чтогир. кир II 1. грязь; грязный; кир кол грязные руки; колдун кири грязь рук, грязь на руках; кеңүлдүн кири печаль, огорчение; көйнөктүн кири жууса кетет, көңүлдүн кири айтса кетет погов. грязь на платье сходит от стирки, грязь на сердце (огорчение) - от высказывания; бизден кеткен иш болсо, кетирербиз кириңди фольк. если это дело наших рук (если мы виноваты), то мы избавим вас от огорчения; душмандын көөнү кир болот фольк. сердце врага грязно; 2. (или кир-кок) грязное бельё; кир жуу- или кир-кок жуу- стирать бельё; этек кир см.этек. кир- III 1. входить, въезжатьу влетать (указывает на движение внутрь); кирбей туруп, чыгарыңды ойло погов. ещё не входя, подумай о выходе; кызматка кир- поступить на службу, на работу; 2. достигать (какого-либо возраста); жыйырмага жаңы кирген ему только идёт двадцатый год; 3. (о воде) становиться полой; суу кирип жатат вода прибывает; кирген суу полая вода; кирбегенде Жинди-Суу ширин шекер балдайсың стих. пока ты, (река) Джинди-Суу, не полая, подобна сладкому сахару, мёду; 4. (о верблюжьем жеребце, быке, яке-самце) быть в ярости; кирген буурадай кырчылдайт скрежещет, как верблюд в ярости; 5. (о материи) садиться; көйнөк кирип кетти платье село; 6. вступать в бой; мындан да арбын жоо болсо, буйдалбастан кирсин деп фольк. если даже врагов окажется ещё больше, пусть немедля вступит в бой; кире бериш вход (место); үйдүн кире беришинде у (самого) входа в юрту, в дом; кирип чыкканча в момент, быстро; өз кемчилигин өлгөнчө билбейт, киши кемчилигин кирип чыкканча билет погов. своих недостатков до смерти не замечает, а чужие недостатки в момент замечает; кирди-чыкты эси бар 1) (о больном) ему немного лучше; ему то лучше, то хуже; 2) пренебр. у него кое-какой умишко есть; кирди-чыкты акылы бар окшойт у него, похоже, кое-какой умишко есть; кирди-чыкты жаштык безалаберная, непостоянная молодость; кирели-чыгалы только для вида (букв. войдём-выйдем); кирели-чыгалы кол кабыш кыла жүрүш- кое-как, для вида оказывать помощь; кирди-чыкты сөздөр см.сөз; кеч кир- см.кеч I 1.
Iзат.1. Таза эместик, булганчтык. Көйнөк кирин жууса кетет, көңүл кирин айтса кетет (макал).
2. Жуулуп, тазартыла турган жана жуулуп тазартылган ар кандай кийим-кече. шейшеп, бет аарчы, суулук ж. б. жалпы наамы. Кере тартылган жипте кир жайылып турат («Жаш ленинчи»).
3. өт. Жаманатты, күнөө, айып. Кошой түгүл даткамды Сөгүп турат Айтике. Бардык кирди даткама, Төгүп жүрөт Айтике (Аалы). Байкабасаң баары бир, Таза башың кир болот (Аалы).
4. өт. Капа, таарыныч, ич күптү. Бизден кеткен иш болсо Кетирербиз кириңди («Семетей»). Балам өлсө барбапсың, Таарынып өпкө, кирди айтам (Токтогул).
5. өт. Кек, жамандык. Кир сактабай, ак көңүл, Кексиз болуп кетелик («Семетей»). — Койчу нары, менин көңүлүмдө кир болсо катты сага көрсөтөт белем («САЖИ»).
¨ Тиштинкиринсоруу — абдан ачка болуу, кезерүү. [Мусабек].. орозо кармап, тишинин кирин соруп кыйналышкан атаэнесине чындыкты айтамын деп, бөөдө жаман көрүндү (Сасыкбаев). Кир-кок — жалпы эле кир нерселер. Кир-когуңду жуудуруп.. алып жүр, кагылайын [деди Жапардын энеси]. КИРIIтуурасы:гиря.
КИРIIIэтиш.1. Бир жерге (мис., үйгө ж. б.) бир нерсенин ичине өтүү, баруу. Эшикти чертип Жолбунов [ үйгө] кирди (Убукеев). Тоту жеңем экөөбүз үйгө кирдик (Жантөшев).
2. Келүү, жетүү. Биз Токмокко эрте кирдик, дүкөндөр соода менен кызып жаткан кези экен (Аалы).
3. Алуу, билүү. Кынуусуна кирген соң, Күндө тозок салбайбы («Манас»). Иштей электе авансылап кирсе, Ал киши кантип оңсун (Шүкүрбеков).
4. Кичирейүү, тыгыздануу, кыскаруу (кездеме, кийим-кече жөнүндө). Улам кирип отуруп тек-жеңи кыскарып кеткен чолок тон.
5. Чыгуу, келүү. Жыйырмага жаңы кирген.
6. Белгилүү бир уюмга мүчө болуу, окууга ж. б. өтүү. Өзүм сүйүп, өзүм кирген партия, Берчи мага кыйын-кыйын тапшырма (Үмөталиев). [Фатима].. акыры интернатка кирди (Сасыкбаев).
7. Басуу, каптоо. Дүңгүрөгөн ызы-чуу Кирип келди айылга (Жантөшев).
9. Басуу, баруу, түшүү. Ак сакал болуп балдарга, Арамдык жолго кирбей жүр (Жантөшев).
10. Бир нерсени баштоо. Бир топ абышка,«Тогуз коргоолго» киришти (Убукеев). Кары-жашы калбастан көчөт отургузууга киришишти (Убукеев).
11. Каарына келүү (буура жөнүндө). Буурасы кирип буркулдап, Кыш чилдеде тиштерин Кычыратып чайнаган (Үсөнбаев). Жаңы кирген кара атаң, Тайлакты чайнап койбосун (Бөкөнбаев).
12. Көбөйүү, ташкындоо. Мөңгү жибип, Суулар кирди күркүрөп (Осмонкул).
1. Таза эмес кирдеген көрүнүш, булганычтык. Аппак жака кир болор (Сыдыкбеков). Аптада жууп ак кылып, Кир кийимди кийгизбейт (Тоголок Молдо). 2. Жуула турган жана жуулуп тазартылган, ар кандай кийим-кече, шейшеп, бет аарчы, суулук ж. б. жалпы наамы. Тээтигинде кир жайып, Карап турат бураң бел (Турусбеков). Кере тартылган жипте кир жайылып турат («Жаш ленинчи»). 3. өт. Жаманатты, күнөө, айып. Байкабасаң баары бир, Таза башың болот кир (Токомбаев). Бизди кир кыла турган жаман иштердин бири ушул эмеспи («Ала-Тоо»). 4. өт. Капа, таарыныч, ич күптү. Көңүлүнө кир кетип жүрбөсүн (Жантөшев). Ичинде турган кирлерин Ойлонуп чунак жойгон жок («Семетей»). 5. өт. Кек, жамандык, жаман ниеттүүлүк. Көз карашын байкасам, Көңүлүндө кири бар («Мендирман»). Ичине кир сактаган, Эл ичинде көп болду (Тоголок Молдо).
1. Бир нерсенин ичин көздөй өтүү, ичине карай баруу, багыт алуу, ичинде болуу. Тоту жеңем экөөбүз үйгө кирдик (Жантөшев). Коркуп качса кыргыйдан Короолу кирет бүргөнгө («Олжобай менен Кишимжан»). Шахтага кирер менен, аркырап бетке урган муздак жел да тымый түштү (Сасыкбаев). Башын көтөрө албай, уялганынан бала төшөгүнө кире калды («Ала-Тоо»). 2. Белгилүү бир жайга келип жетүү, келүү. Биз Токмокко эрте кирдик, дүкөндөр соода менен кызып жаткан кези экен (Токомбаев). 3. Берилген, кызыккан абалда болуу. Кептин кызыгына кирип алган үч абышка дөңдө көпкө отурмак болушту («Ала-Тоо»). Кынуусуна кирген соң, Күндө тозок салбайбы («Манас»). 4. Жуулганда, суу болгондо тыгыздалып, кичирейип калуу, кыскаруу (мис. кездеме, кийим-кече ж. б.). 5. Чыгуу, келүү. Жыйырмага жаңы кирген жаш жигит. 6. Белгилүү бир уюмдун мүчөлүгүнө өтүү көпчүлүк тарабынан шайланган топтун составында болуу, окуу жайына ж. б. кабыл алынуу, өтүү. Артелге кир! Силердики бардык мал (Токомбаев). Жаштар уюмуна кирди. Институтка кирди. Интернатка кирди. 7. Басуу, каптоо. Дүркүрөгөн ызычуу, кирип келди айылга (Жантөшев). 8. Кандайдыр бир нерсени аткарууга, иштөөгө киришүү, аткара баштоо. Жумушка кирди. Жоого кирди. Сугатка кирди. Тамакка кирди. Бир топ абышка тогуз коргоолго киришти (Убукеев). 9. Толуу, жетилүү, пайда болуу. Алма даамына кирди. Адам күчүнө кирди. Карууга кирди. 10. Көпчүлүктүн же бир нече адамдын бириккен тобуна, жыйынына ж. б. катышуу, ичинде болуу. Жорого кирди. Шеринеге кирди. Айыл-апанын ынтымагына кирди. Компанияга кирди. 11. Бирөөнүн кебине, таасирине берилип, кошулуп кетүү, кандайдыр бир нерсеге алынуу, артынан түшүү. Душмандын кирип сөзүнө, Туз куюлду көзүмө (Барпы). Тунук өстүң, жаман жолго кирбедиң (Токомбаев). Аракка кирген адамдын үй-бүлөсүндө ырыскы болобу («Чалкан»). Ак сакал болуп балдарга, Арамдык жолго кирбей жүр (Жантөшев). 12. Куут мезгилинде каарына келген, жинденген абалда болуу (буура, бука ж. б. карата). Жаңы кирген кара атан, Тайлакты чайнап койбосун (Бөкөнбаев). Бактеректин тиштери кирген бууранын тишиндей кычырады (Токомбаев). – Ооба, мен! – деди Шабыралы кирген текедей бакылдап (Байтемиров). 13. Көбөйүү, ташкындоо, күкүктөнүү (сууга карата). Сайдагы чоң суу дагы жылдагыдан эрте кирди (Айтматов). Мөңгү жибип, суулар кирди күркүрөп (Осмонкул). 14. Түшүү, башталуу, пайда болуу. Кеч кирди. Иңир кирди. Күүгүм кирди. Чачына ак кирди. Жан кирди. Кубат кирди. 15. Негизги этиш менен бирге айтылып, кандайдыр бир аракеттин, кыймылдын, окуянын ж. б. интенсивдүү башталышын же анын өөрчүгөн, күч алган абалын көрсөткөн көмөкчү этиш катары колдонулат. Калың жоону аралап, Качырып кирди Табылды («Эр Табылды»). Эчтемеге карабай, уулун жемелеп киргенине таң калдым («Ала-Тоо»). Бүкөнтай көздү жуумп ырдап кирет (Осмонов). 16. Түш көрүү, түшкө кирүү. Эстесең керек... менде чоң бүгүн жаңылык, Түшүмө кирип, «Жүрөмүн» дедиң сагынып (Өмүров).
страд. откиргиз-; кудалардын аттары алынып, кийиз салдырылып, үйгө киргизилди кони сватов были приняты, кошмы постланы, и (гости) были введены (в юрту).
embedded object (noun)
An object created with one program and embedded into a document created by another. Embedding the object, rather than simply inserting or pasting it, ensures that the object retains its original format. If you double-click the embedded object, you can edit it with the toolbars and menus from the program used to create it.
embed (verb)
To insert information created in one program, such as a chart, an equation, an image, a video or a font, into another program or Web page.
index entry (noun)
A field code that marks specific text for inclusion in an index. When you mark text as an index entry, Microsoft Office Word inserts an XE (Index Entry) field formatted as hidden text.
«КИРГИЗСКИЙ ГЕРОИЧЕСКИЙ ЭПОС «МАНАС»» — китеп, орус тилинде жазылган илимий эмгектердин жана макалалардын жыйнагы (Москва, 1961). Китептин редколлегиясы М. И. Богданова, В. М. Жирмунский, А. А. Петросян. Китептин аягына П. Н. Берков менен Э. К. Сагидова түзгөн «Манас» жөнүндөгү адабияттардын библиографиялык көрсөткүчү жыл ирети боюнча берилген. Библиографияда адам аттарынын, ошондой эле географиялык жана этнографиялык аталыштардын, искусство чыгармалары менен элдик чыгармачылыктын аттарынын көрсөткүчтөрү кошо берилген. Китепте А. А. Петросяндын кириш сөз катары ««Манас» эпосунун элдиктүүлүгү жөнүндөгү маселеге карата», М. Ауэзовдун ««Манас» кыргыз элинин баатырдык поэмасы», В. М. Жирмунскийдин ««Манас» эпосун изилдөөгө киришүү», М. Богданованын «Кыргыздын баатырдык эпосу «Манастын» өзгөчөлүгү жөнүндө», П. Н. Берковдун ««Манас» жана Алтай эпосу», А. Токомбаевдин ««Манас» үчилтик эпосунун элдүүлүгү жөнүндөгү маселеге карата», Т. Сыдыкбековдун ««Манас» үчилтик эпосунун үчүнчү бөлүгү — «Сейтек» поэмасынын элдүүлүгү жөнүндө», Б. Юнусалиевдин ««Манас» эпосунун бириктирилген вариантын түзүүдөгү тажрыйба тууралуу» — деген эмгектери кирген.
Ж. Сагынов
input device (noun)
A peripheral device whose purpose is to allow the user to provide input to a computer system. Examples of input devices are keyboards, mice, joysticks, and styluses.
input/output (noun)
The creation of an image containing geometric models, using color and shading to give the image a realistic look. Usually part of a geometric modeling package such as a CAD program, rendering uses mathematics to describe the location of a light source in relation to the object and to calculate the way in which the light would create highlights, shading, and variations in color. The degree of realism can range from opaque, shaded polygons to images approximating photographs in their complexity.
I/O (noun)
The complementary tasks of gathering and distributing data. Input is data that is acquired from a device or entered by the user through a device. Output is data that is sent to a device.
input method editor (noun)
A tool that lets you enter complex characters and symbols, such as those used in East Asian written languages, using a standard keyboard.
Таза эмес, ачык эмес, күңүрт, кири бар. Өңү аппак, киргили жок таза кездеме менен ороду («Ала-Тоо»). Тар элең, таштак элең, такыр элең, Киргил суу шылдыраган арык менен (Осмонов). Көк асмандай киргили жок, Ысык-Көл көз алдыма келе берди («Ала-Тоо»).
1. (о воде) прибывающий, полый; суунун киргини разлив воды, половодье; киргин суу разлившаяся вода; 2. (о верблюжьем жеребце, быке, яке-самце) находящийся в ярости.
1. Кир жуккан, булганган абалда болуу, кир болуу, булгануу. Сыя тамган жер ак шейшепке ылай тийгендей кирдеп калды (Сыдыкбеков). Бүткөн боюң тердебейт, Жууган жакаң кирдебейт (Үмөталиев). 2. өт. Жаманатты болуу, кепке сөзгө калып, баркы кетүү. Азыр эски актив сөрөйлөр кирдеп, элге жаман көрүнө баштаган сыяктуу («Ала-Тоо»). 3. өт. Көңүлү калуу, капа болуу, таарынуу. Кетериңде дүнүйө, Кайгылуу көңүл кирдейсиң (Токтогул). Келген жаш Толубай чалга минтип сүйлөйт, Сен кимсиң? Билбей кайтсам көңүлүм кирдейт (Осмонов).
1. Өтө акылдуу болбосо да, анча-мынча эси бар, кээде бир нерселерге түшүнө коймосу бар. Кирди-чыкты эси бар кичи пейил уул экен («Эр Табылды»). 2. Бирде түшүнсө, бирде түшүнбөгөн, элдир-селдир эсине келе калган (көбүнчө оорукчан адамга карата). Жалгыз баласынын жоодо калганын угуп, шордуу эне эсинен танып жыгылды, ошондон бери кирди-чыкты эси бар (Укаев).
1. Өтө акылдуу болбосо да, анча-мынча эси бар, кээде бир нерселерге түшүнө коймосу бар. Кирди-чыкты эси бар, Кичи пейил уул экен («Эр Табылды»). 2. Бирде түшүнсө, бирде түшүнбөгөн, элдир-селдир эсине келе калган (көбүнчө оорукчан адамга карата). Жалгыз баласынын жоодо калганын угуп, шордуу эне эсинен танып жыгылды, ошондон бери кирди-чыкты эси бар (Укаев). В.: Кирди-чыкты акылы бар. Койчубектин кирди-чыкты акылы бар, мага окшогон бир байкуш (Байтемиров).
ар. наёмная подвода; плата за подводу, за провоз; извоз; киреге түш- ехать на наёмной подводе; алты атандан чиркеген киреге келген төөң жок фольк. у тебя нет для перевозки шести верблюдов, связанных гуськом (как в караване); жол кире уст. транспорт; кызыл кире уст. красный обоз.
зат. Акыга жүк ташуучу жалданма араба. Каныбек кире акысын төлөөнү ойлоду (Жантөшев). Кире толо үйүлгөн, Китеп тура бардыгы (Аалы).
¨ Кызылкире — эгин жүктөлгөн арабалардын тобу. Кызыл кире күндө нече Мамлекетке дан ташып (Нуркамал). Жолкирек.жол.
1. Акыга жүк ташуучу жалданма араба. Кире тартып жолго чыгууга даярданды (Токомбаев). Каныбек кире акысын төлөөнү ойлоду (Жантөшев). 2. Жол жүрүүгө сарпталуучу чыгым, каражат. Курортко путевка, жол киресин алып беришти (Бейшеналиев).
КИРЕАКЫ – жүргүнчүлөрдү же жүктү ташуу боюнча кызмат көрсөткөндүгү үчүн унаа каражатынын (көбүнесе деңиз) ээсине төлөм, ошондой эле, келишим шарттарына жараша, жүктөө, түшүрүү, жыйноо төлөмү.
КИРЕ ЖАЛДООЧУ – жетим бекетине чейин деңиз аркылуу өз жүгүн ташууга берген кире жалдоо келишиминин бир тарабы. К. ж. өзара шартташылган жүктү өз маалында берилүүсүн камсыз кылып, шартташылган киреакысын төлөөгө милдеттүү.
Турмуштун өтө татаал абалына учурап, жашоодон аша кечкен көрүнүшкө карата колдонулат. Кирейин десе - жер катуу, өлөйүн десе - жан таттуу көрүнүп, мөгдөгөн ал чоң ташка сүйөнүп отурду (Осмоналиев).
Турмуштун өтө татаал абалына учурап, жашоодон аша кечкен көрүнүшкө карата колдонулат. Кирейин десе – жер катуу, өлөйүн десе – жан таттуу көрүнүп, мөгдөгөн ал чоң ташка сүйөнүп отурду (Осмоналиев). В.: Кирейин десе – жер катуу. Тракторчунун ошондогу уялганын айтпа, кирейин десе жер катуу («Адабий Ала-Тоо»).
Кире тарткан арабакеч, акыга жүк ташуучу. Азыр ким эле кирекечке муктаж болуп турат дейсиң? (Абдукаримов). Кирекечтер келип ат чалдырып өткөнү болбосо, мында эч ким келүүчү да эмес (Убукеев).
КИРЕЛӨӨ АВАНСАСЫ – 1) кире жалдоочу же жүк жөнөтүүчү тарабынан суубекетте (портто) жүк жүктөө чыгымдарын жабуу үчүн кеме ээсине берилүүчү акча өлчөмү. Адатта кире жалдоо эмгек акысы катары каралгандыктан, кайырып берилбейт. Ушуга байланыштуу жүк ээсинин камсыздандыруу кызыкчылыгы болгондуктан, К. а. камсыздандыруу объектиси боло алат; 2) жалпы кирелөө эсебине алдынала төлөнгөн акча. Эгер жүк тартуу боюнча келишим шартында жүк ташуу акысы көздөгөн жерде гана төлөнө тургандыгы көрсөтүлсө, кеме башы жүк жүктөгөн суубекетте тарткан чыгымдары үчүн жалпы кирелөө өлчөмүнүн 1/3 бөлүгүн талап кылууга акысы бар. Бул төлөм коносаментке жазылып, кийин көздөгөн жеринде төлөнүүчү жалпы кирелөө көлөмүнөн чыгарып салынат.
1. ист. батрак в байском хозяйстве (иногда бедняк нанимался всей семьёй); киренди кир- пойти в батраки; киренди кирип бир байга, бир эчки алып алты айга стих. нанявшись к баю батраком, получал одну козу за шесть месяцев; 2. перен. приспешник, прислужник.
Жакырчылыктан, жокчулуктан байдын, башка бир оокаттуу адамдын үйүнө кирип, жумушун иштеген, кулданган кембагал. Киренди кирип бир айга, Бир эчки алып алты айга (Барпы). Мага десең Калбүбүңө киренди кирип алгын (Бердикеев).
Бир нерседен катуу корккондуктан же аябай уялгандыктан эмне кыларын билбей калуу, айласы кетүү. Башкы врачтын көзүн көргөндө бөйпөңдөп, кирерге жер таппай калат (Бердикеев). Коркконунан үрөйү учуп, кирерге жер таппайт (Тойбаев). Ал ошондо гана кыздын эмне максат менен келгендигине түшүнүп, кирерге жер таппай, бети чымырады (Саатов).
Бир нерседен катуу корккондуктан же аябай уялгандыктан эмне кыларын билбей калуу, айласы кетүү. Башкы врачтын көзүн көргөндө бөйпөңдөп, кирерге жер таппай калат (Бердикеев). Коркконунан үрөйү учуп, кирерге жер таппайт (Тойбаев). Ал ошондо гана кыздын эмне максат менен келгендигине түшүнүп, кирерге жер таппай, бети чымырады (Саатов). В.: Кирерге жай таппоо. Кокустан күн бүркөлүп, сыдырым шамалы ызгаар аралаш сокчу болсо, кирерге жай таппай, корголойсуң! (Абдукаимов). Кирерге ийин таппай калуу. Кулубек байкем акырая бир караса, кирерге ийин таппай калар (Айтматов). Кирерге көр таппоо. Душман кирерге көр таппай калды («Ала-Тоо»). Кирерге көр, жашынарга жер таппоо. Душман кирерге көр, жашынарга жер таппай, жаагы жап болду («Ала-Тоо»).
1. Эсесин чыгаруу, акыбетин кайтаруу, мээнетинин акысын алуу, түйшүктүн жыргалын көрүү. Сен киресин чыгарганча мен эмне кылышым керек? (Саатов). Ошондо тамчы суунун киресин чыгарды (Жусупов). Мен үчүн далай жылы таттуу уйкуңду бузуп, эми ошонун киресин чыгарып, укта дегин, -деди Жылдызкан (Байтемиров). 2. Көргүлүктү көрсөтүү, азабын тарттыруу. Мына кызык, жети түндө кыз бала эркек менен ээн талаада жүрүппү? Шашпа, киресин чыгарам (Саатов).
1. Эсесин чыгаруу, акыбетин кайтаруу, мээнетинин акысын алуу, түйшүктүн жыргалын көрүү. Сен киресин чыгарганча мен эмне кылышым керек? (Саатов). Ошондо тамчы суунун киресин чыгарды (Жусупов). Мен үчүн далай жылы таттуу уйкуңду бузуп, эми ошонун киресин чыгарып, укта дегин, – деди Жылдызкан (Байтемиров). 2. Көргүлүктү көрсөтүү, азабын тарттыруу. Мына кызык, жети түндө кыз бала эркек менен ээн талаада жүрүппү? Шашпа, киресин чыгарам (Саатов). В.: Кысасын чыгаруу. Баягылардын кысасын чыгарды.
зат. Пайда, кириш, доход. Өсүмдүктүн кайсы түрүнөн киреше көп алынат («Чалкан»). [Кой-товар].. ферма колхозго эки миллион сомго жакын киреше берди («Коммунист»).
КИРЕШЕЛЕР ЖӨНҮНДӨ ЖАРНАК – мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген кызмат адамдары өзүнүн жана жакын туугандарынын менчигиндеги КРде жана чет өлкөлөрдө жайгашкан мүлктөрү жөнүндөгү төмөндөгүдөй маалыматтар: а) кыймылсыз мүлк; б) кыймылдуу мүлк – транспорт каражаттары, акча каражаттары (улуттук жана чет өлкөлүк валюта менен), баалуу кагаздар, уюмдардагы аларга тийешелүү үлүштөр, баалуу жана жарым баалуу металлдардан, баалуу жана асыл таштардан жасалган зергер буюмдар, мал-жаны жана көңүлгө алынбай тургандардан башка жандыктары, жарандарга жана юридикалык жактарга болгон мүлктүк талаптар, ошондой эле мыйзам чегинде маданий байлык, байыркы буюм деп таанылган нерселерди чагылдырат.
КИРЕШЕНИН НЕГИЗГИ БУЛАГЫ – баардык табылганын 75 пайызынан кем эмесин берген экономикалык ишмердиктин түрү. Өзү өндүргөн айыл чарба азык-түлүктөрүнүн жана анын кайра иштетүү азыктарын сатып өткөрүүдөн түшкөн киреше айыл чарбасы үчүн К. н. б. болуп саналат.
КИРЕШЕ ОБЛИГАЦИЯЛАРЫ – өз наркы боюнча капитал кайтарыла турган облигация, бирок анын пайызын төлөп берүүгө кепилдик берилбейт жана ал эмитенттин ишмердүүлүгүнүн натыйжасына түздөнтүз көзкаранды болот.
КИРЕШЕ ОБЛИГАЦИЯСЫ – капитал өз наркы боюнча кайтарылып, ал эми пайыз төлөмүнө кепилдик берилбеген жана ал эмитенттин иш-аракетинин натыйжасына түздөнтүз көзкаранды болгон облигация.
КИРЕ ЭЭСИ – бүтүндөй кемени же анын бир бөлүгүн же белгилүү бир кеме жайын берүү шарты менен, сыйакы үчүн жүктү деңиз аркылуу жетим бекетине чейин жеткирүү милдетин өзүнө алган кире жалдоо келишиминин бир тарабы.
к. КИРПИГИНЕ КИР ЖУГУЗБОО
Домбунун өлүмүн табалап, бүткүл жамандыкты, жабырды ошого шылтап, караламанды сооротуп, хан атын, хан даражасын кир жугузбай коргоп отурбады беле (Касымбеков).
Сууга түшүп жуунуу. Сууга кирингениме көп болгон эле, бүгүн да жуунуп ала турган шартым болбой калды («Ала-Тоо»). Балдар кирине турган жайык жерлери жок беле? («Агым»).
«Сууга түшүү, жуунуу» маанисиндеги кирин сөзү кир этишине өздүк мамиленин мүчөсү жалганышынан келип чыккан. Азыркы алтай тилинде Мен сууга кирдим тизмеги кыргызча Мен сууга кириндим сүйлөмүнө барабар келет. Алтай тилинде сууга кирүү аркылуу жуунуп, тазаланып, салкындап алары өзүнөн-өзү көрүнүп турат. Башкача айтканда, ал тилде «сууга түшүү» дегенди кир этишинин бир мааниси деп гана билүүгө болот. Ал эми кыргыз тилинде болсо ошол эле кир деген этишке өздүк мамиленин -н мүчөсү ширешип калган түрү гана алтайча кир этишинин маанисин берип калган.
1. ист. человек, приставший к чужому роду или к чужой семье; пришелец; 2. грам. вводный; киринди сүйлөм вводное предложение; киринди сөз вводное слово.
зат. Башка жактан, башка жерден келип экинчи бир урууга кошулган же бирөөнүн үй-бүлөсүнө кошулган адам.
¨ Кириндисөз — грам. айтылган ойду бекемдөө үчүн сүйлөмгө катышкан, бирок сүйлөм мүчөсү болбогон сөз. Кириндисүйлөм — грам. башка сүйлөмгө кошулуп айтылганы менен, ал сүйлөмгө мүчө болбогон сүйлөм; бул сүйлөм айтылган ойдун кырдаалын түшүндүрөт.
ир. попавший в неприятное или тяжёлое положение; кириптер бол- попасть в неприятное или тяжёлое положение; ооруга кириптер бол- заболеть; балаага кириптер болдум я попал в беду; сотко кириптер бол- попасть под суд; жазага кириптер бол- подвергнуться наказанию; кириптер кыл- 1) поставить в неприятное или тяжёлое положение; жазага кириптер кыл- воздать по заслугам; наказать; 2) задержать в качестве заложника, пленника.
1. тетива (лука); киричке жебе чалыптыр фольк. он поставил стрелу на тетиву; он вставил стрелу в лук; киричтен огу чыкканча эр Манас найза салыптыр фольк. не успела ещё стрела (противника) соскочить с тетивы, богатырь Манас ударил копьём; 2. лук (оружие); киричтен кийик аткан он стрелял кииков из лука; 3. соединительная ткань между отдельными частями внутренностей; өт жарылып кетпесин, киричин чыгарып жибер отдели жёлчь (жёлчный пузырь), чтобы она не лопнула; көк боордун киричин чыгарып кой отдели селезёнку; ичтин киричи обида, затаённый гнев.
КИРИЧ — жаанын эки башы бириктирилип, туурасынан байланган, жебе салып кере тартыла турган жип, кайыш. Эпосто:
Жааны колго алышып,
Жаалданып калышып,
Күчүгөн жүндүү сыр жебе
Киричине чалышып (Сагымбай Орозбаков, 2. 132).
Коломсокко кол салып,
Колуна тартып ок алып,
Киричине чалганча
Коюп Манас кеткени (Сагымбай Орозбаков, 1. 205),— деп сүрөттөлөт.
1. Жаанын эки башын бириктирип, туурасынан байланган, жебе салып кере тартыла турган жип, кайыш. Киричке жебе чалыптыр («Манас»). Киричтен огу чыкканча, Эр Манас найза салыптыр («Манас»). 2. Жалпы эле жаа (курал) маанисинде колдонулат. Киричтен кийик аткан. Киричке огун салганы («Манас» С. О.). Саадактарынан жебелерди шапа-шупа алышып, киричтерине шапа-шупа салышып, кериле чое тартышып, кайра зыркырата коё беришкен жок (Субанбеков). 3. Ич эттеринин айрым бөлүктөрүн бириктирүүчү чарым сыяктуу нерсе. Өт жарылып кетпесин, киричин чыгарып жибер. Көк боордун киричин чыгарып кой.
кириш I 1. и. д. от кир- III вход, вхождение; кириш сөз вступительное, вводное слово; 2. доход; 3. бухг. приход; кассага кириш кыл- заприходовать по кассе. кириш- II взаимн. откир- III 1. совместно войти, совместно въехать; 2. начать что-л. делать, приступить к делу; ишке кириш- приступить к делу, приняться за дело, начать делать; кеп айтууга киришти он начал говорить, он принялся говорить; 3. вмешиваться, соваться; киришпей отур! сиди и не вмешивайся!, не суйся!
I: киришсөз — сөз башы, алгачкы сөз. Бул кириш сөздө.. бир катар пикирлер айтмакпыз (Аалы). Киришбөлүм — негизги курстан мурдагы бөлүк.
КИРИШIIкиреше менен бирдей.
КИРИШIIIэтиш.1. Бир ишти иштөөгө баш коюу, иштей баштоо, аракеттенүү. Дүкөнчү соода жүргүзүүгө киришти (Убукеев). Жылдызкан уйду саап коюп, тамак жасоого киришти (Байтемиров).
2.Кийлигишүү, кошула кетүү. Бул ишке сиздин киришкениңиз эң туура (Жантөшев). Аш-тамакка киришкен, Башка эле сенин кыялың (Тоголок Молдо).
1. Бир ишти иштөөгө баш коюу, иштей баштоо, аракет жасоо. Мичуриндин сортторун тигип, мектептин мөмөлүү бак-дарагын гүлдөтүүгө кириштик (Сасыкбаев). Дүкөнчү соода жүргүзүүгө киришти (Убукеев). Жылдызкан уйду саап коюп, тамак жасоого киришти (Байтемиров). 2. Кийлигишүү, кошула кетүү. Бирок бул окуяга эч ким киришпейт (Байтемиров). Бул ишке сиздин киришкениңиз эң туура (Жантөшев). Өз күчүнө ишенбеген адам эч ишке чечкиндүү кирише албай, турмуштук агымдан четтеп калат («Агым»).
lobby page (noun)
A page of information about the broadcast that is displayed in the viewer's browser before the broadcast begins. It can contain a title, subject, host's name, information about the broadcast, and a countdown to the time of the broadcast.
1. Кандайдыр бир илимий иштин же адабий чыгарманын сөз башы кириш бөлүмү, бет ачар бөлүгү. 2. Белгилүү бир илим тууралуу жалпылап, кыскача өтүлгөн алгачкы маалымат.
«КИРИШ СӨЗ» — К. Асаналиевдин «Манас» эпосунун курама вариантынын үчүнчү бөлүгү «Сейтек» (Фр., 1959) китебине жазган баш макаласы.
«Сейтек» эпосу — «Манас» үчилтигин бардык жагынан жыйынтыктаган бөлүм. Автор «Сейтек» эпосунун үчилтиктеги орду, мааниси, тема, идея, образдардын талкууланышы, салттуулук менен жеке айтуучулук чеберчиликтин карым-катышын талдоого алат. «Сейтек» сюжеттик жана композициялык түзүлүшү, каармандардын көркөм элестеринин ачылышы, идеялык мазмунунун толуктугу боюнча оригиналдуу, өз алдынча чыгарма. Поэманын «Манас» менен «Семетейдей» эле эл арасына кеңири таралган бир нече варианттары бар. Алардын арасынан көркөм сюжеттери жетер жерине чейин иштетилиши, окуялардын нагыз эпикалык арымда сүрөттөлүшү, образдардын даана ачылыш жагынан Саякбай Карала уулунун вариантына башка варианттардын эч бири тете келбейт. Ошондуктан ар кыл идеялык-көркөмдүктө айтылган варианттардан кыскартылып, куралып түзүлгөн «Манас» менен «Семетейден» айырмасы, «Сейтек» бир гана Саякбай Карала уулунун вариантынын негизинде берилген. Кириш сөздө «Манас», «Семетей» варианттарындагы идеялык-көркөмдүк системасын кайталабастыгын айтуу менен «Сейтек» бөлүмү да мурдагы сюжеттик теманы кайталабастан, жаңы идеялык-тематикалык негиздери улантылат, акыр аягына чыгарып, бүт эпосту тыянактайт. «Сейтек» да «Семетей» сыяктуу эле кыргыз элинин бүлүнүшүн, каармандарынын жеңилишин, азап чегишин сүрөттөө менен башталат. Бөлүмдүн эң күчтүү жактарынын бири — салттык сюжеттик мотивдердин жаңыча чечилгендигинде. Андагы фантастиканы, гиперболалаштырууну, мифтик учурларды каармандардын турмуштук абалдарынан ажыратууга болбойт. «Эмне үчүн Бакай өлбөйт», «Эмне үчүн Айчүрөк сулуулугунан өчпөйт», анткени элдик таланттар бул касиетти аларга «түбөлүк» берген. Чыгарманын бүткүл идеялык-көркөмдүк негизинин арымы да, кеңдиги да анда ар түрдүү каармандардын турмушу, тагдыры бардык тараптан сүрөттөлгөнүнө байланыштуу. Каармандын мүнөзүн сенейтип койбостон ага жаңы түс берип, түрдүү кыймылдарга, кубулуштарга туш келтирет. Мисалы, Күлчоро «Семетейде» шайыр, ачык жигит, кийинки башка турмуштук кырдаалда анын мүнөзү да, кыялы да өзгөргөн. Күлчоро менен Канчоро бири-бирине карама-каршы образдар. Күлчоро адилеттүүлүктүн, адамгерчиликтин, ал эми Канчоро арамзалыктын, кара ниеттүүлүктүн элесин берет. Бул «Сейтек» бөлүмүндө ачылат. Поэманын сюжеттик негизин анын баш каарманы Сейтек түзөт. «Семетейде» баатырдык мотив күчтүү болсо, «Сейтекте» элдин турмушу,. тагдыры көбүрөөк баяндалат. Дээрлик бардык варианттарда Сейтек күчтүү душман менен согушуп, аны жеңет. «Сейтектин» толук вариантын түзүүдө Саякбай Карала уулунун чыгармачылыгы чоң орунду ээлейт. «Манас» үчилтиги атайы «Сөз башы» менен башталат. Анда элдик жомоктун нечен замандан бери укумдан-тукумга өтүп келе жаткандыгы айтылат. Үчүнчү бөлүм «Сейтек» поэмасында «Сөз аягы» берилет. «Сөз аягында» душман биротоло жеңилгенден кийин Семетей, Күлчоро, Айчүрөк, Бакай, Каныкейлердин алыс сапар кеткени айтылат. Чыгарманын мындай бүтүшү элдин акылмандыгынын күбөсү. Анткени, эл өзүнүн сүйүктүү каармандарына өлүмдү каалаган эмес. Ошондуктан эл арасында алардын сапар чегип жүргөндүгү жөнүндө уламыш кеңири таралган.
Ж. Сагынов
«КИРИШ СӨЗ» — Б. Керимжанованын «Манас» эпосунун курама вариантынын экинчи бөлүгү «Семетей» (Фр., 1959) эпосуна жазган баш макаласы. Макала эпостун вариантында чагылдырылган доордун мүнөзүн жана генеологиялык циклдешүү принцибинин өзгөчөлүгүн иликтөөгө арналган. Ушул максатта эпостогу байыркы элементтер каралып, жомоктук-мифтик катмарлардын орун алышы тийиштүү деңгээлде көрсөтүлөт. Чыгарманын сюжеттик канвасы жана чагылдырылган доору талданат. Генеологиялык циклдештирүүнүн классикалык үлгүсү болгон «Семетей» эпосунун айрым сюжеттик мотивдери, образдары, поэтикасы сөзгө алынат. Эпос биринчиден, эл-жер үчүн ички жана тышкы душмандар менен күрөшүү — баатырдык темасы, экинчиден, романтикалык сүйүү темасына бөлүнөт. Ал темалар бири-бири менен айкалышып, поэманын сюжетин түзөт жана ал сюжеттик окуялар Семетейдин кыймыл-аракети, ой-дүйнөсү, турмуштук көз караштары менен ажырагыс байланышта өнүгөт. Аны ички жана сырткы душмандарга каршы жүргүзгөн күрөшүнөн баамдайбыз. Эч себепсиз эле бөтөн элди чаап алуу поэманын духуна жат. Ал эми Семетейдин Коңурбайга каршы аттануусу эки себепке негизделген. Биринчиден, алыстагы Коңурбай капылеттен кол салбасын деген тактикалык максат, экинчиден, ата-бабаларынын өткөн өчүн, кеткен кегин алуу экендиги белгиленет.
«Семетей» поэмасынын экинчи сюжеттик өзөгүн лирикалык тема түзүп, махабат мамилелери орчундуу орун ээлейт. Семетей менен Айчүрөк табиятынан эле бири-бирине ылайык жаралгандай, ата салты боюнча да, тунук махабаттын салтанаты боюнча да үйлөнүү поэмада оригиналдуу чечилген. Жыйынтыктап айтканда эпостун вариантынын бардык тутумдук бөлүктөрү өз жайын тапкан. Сүрөттөлгөн окуялар, көрүнүштөр ырааттуу берилген — органикалык ички биримдик бекем сакталган, өзүнчө бүткөн. «Семетей» поэмасы кыргыз элинин нечен кылымдар бою башынан өткөргөн тарыхый, социалдык турмушун, прогрессивдүү ой-тилегин, патриоттук күрөшүн жогорку пафосто, чебер сүрөттөп берген көркөм чыгарма катары бааланат.
Ж. Сагынов
«КИРИШ СӨЗ» — Б. Юнусалиевдин «Манас» эпосунун курама вариантына (Курама варианты) жазган баш макаласы («Манас», 1-бөлүк, 1-китеп, Фр., 1958). Макалада Курама варианты түрүндө басмадан чыгаруунун зарылдыгы, максаты, мааниси жана эпосту окурмандардын кеңири чөйрөсүнө арнап чыгаруунун, бастырууга кире турган эпизоддорду тандап алуунун, жалпы эле текстти басмага даярдоонун принциптери жөнүндөгү илимий ойлор кеңири айтылган. Айрыкча «Манас» эпосуна арналган Бүткүл союздук илимий конференциядан (1952, 6—10-июнь) кийин эпос боюнча топтолгон материалдарды системага салып, басмага даярдоо жана илимий изилдөө багытындагы иштер жүзөгө ашкан. Натыйжада «Манас» үчилтигинин Курама вариантынын төрт китеби («Манас» 1—2, «Семетей», «Сейтек») жарыкка чыкты.
«Манас» өңдүү улуу эпостун көптөгөн илимий проблемаларынын ичинен анын зор көлөмү илимпоздордун көңүлүн бөтөнчө буруп келгендиги биринчиден, элдин көркөм сөз өнөрүнүн бөтөнчө өнүккөндүгү, экинчиден, элдин тилинин чексиз байлыгын айгинелейт. Анткени, «жүздөгөн жылдар бою кыргыздар үчүн бул эпос таалим алуучу роман китептин, таасирдүү сахнанын, түстүү экрандын, өткөндү эске салуучу тарых китебинин милдетин аткарган». Эпос менен тарыхтын байланышы жөнүндө фольклористика илиминде бири-бирине карама-каршы пикирлердин жашагандыгы белгилүү. Айрым окумуштуулар эпосто көркөм чагылдырылган тарыхый окуяларды бир беткей карашып, эпосту тарыхтын жыйнагы катары баалашып, анын көркөм чыгарма экендигин унутуп коюшат. Бул маанилүү маселе боюнча Б. Юнусалиевдин пикири негиздүү экендигин окумуштуунун төмөнкү сөздөрү ачык далилдеп турат. «Эпос тарых эмес, бирок «Манас» эпосунун кыргыз элинин тарыхына байланыштуу экенин танууга болбойт». «Манас» эпосунда элдин байыркы мезгилдеги коомго, жаратылышка болгон мамилелери, түшүнүктөрү кеңири көркөм баяндалгандыгын белгилеп, кыргыздардын диний түшүнүктөрү, мифтик, фантастикалык ой жүгүртүүлөрү арбын кезигерин айтат. Кыргыздын көркөм мурасы «Манасты» жараткан, сактаган, өнүктүргөн манасчылардын варианттарынан кыскартып түзүлгөн Курама вариантынын негизин Саякбай Каралаевдин варианты түзөрүн белгилеп, андагы окуяларды мүнөздөгөн. Ошондой эле окуяларынын молдугу, күлүк ой жүгүртүүлөр, апыртуулардын кеңирилиги чыгармага зор масштабдуулук мүнөз бергенин каармандары да дээрлик эпикалык өмүр баяны бар образдардан экенин көрсөтүп образдар системасына кеңири талдоо жүргүзгөн.
«Манас» эпосунун жаралуу доору боюнча да Б. Юнусалиевдин негиздүү илимий божомолу бар. Бул олуттуу проблеманы туура чечүү эпостун идеялык мазмумун, образдар системасын, көркөм поэтикасын туура түшүнүп, туура баа берүүгө өбөлгө болорун белгилейт да, эпостогу тарыхый, этнографиялык, лингвистикалык, географиялык маалыматтарга таянып, «Манас» эпосу Алтай доорунда (9—11-к.) пайда болгон деген пикирди айтат. Эбегейсиз зор эпостун саясий, тарыхый жана көркөмдүк жагынан маанисинин чоң экенин баса белгилеп, келечекте эпостон орун алган тарыхый окуяларды, мотивдерди, этнографиялык жана мифологиялык элементтерди, эпостун тилин, стилин, образ системасын, сюжеттик сызыгын, варианттарындагы айырмаларын, эпостогу окуялар менен граждандык тарыхтын байланыштарын терең изилдөө керектигин сергек баамдап, туура илимий жыйынтык чыгарган.
Б. Юнусалиев «К. с-дө» кыргыз эли үчүн зор сыймык, кубанычтуу окуя болгон Курама вариантына талдоо жүргүзүп, тексттеринин тарыхта биринчи мертебе жарыяланышына чоң баа берген.
Ж. Сагынов
Overview (proper noun)
The main pages in Microsoft Office Live where subscribers can view and access their services as well as statistics regarding their accounts.
Киркиреген, кир-кир эткен. Барган келинибиз баш аттап, кайра качып кетиптир! – деди киркирек үндүү адам («Ала-Тоо»). Ошондо да колхоздун башкармасы ушул азыркы киркирек Садык болучу (Байтемиров).
Кок компоненти бир катар түрк тилдеринде «сасык жыт» деген мааниде өз алдынча колдонулат (ЭСТЯ: 1980:32). Азыркы түрк тилинде бул сөз этиш сөз түркүмүнө кирет жана «1. пахнуть, издавать запах»; 2. завонять; протухнуть» деген маанилерди билдирет. Мындан тышкары, атооч катары өз алдынча колдонулбаганы менен «кокла – «нюхать, вздыхать запах», «коклаш – обнюхиваться» деген туунду формалары бар (ТРС 1994:555).
basic input/output system (noun)
The set of essential software routines that test computer hardware at startup, start the operating system, and support the transfer of information between hardware devices. The BIOS is stored in read-only memory (ROM) so that it can be run when the computer is turned on. Although critical to performance, the BIOS is usually invisible to computer users.
(или кирпи чечен или кирпичечен) ёж; карга баласын анпагым дейт, кирпи баласын жумшагым дейт погов. грач называет своего детёныша беленьким, ёж называет своего детёныша мягоньким; своё не мыто, да бело.
Тикен сыяктуу түгү бар кичинекей жаныбардын атын билдирген кирпи сөзү кирп+и бөлүктөрүнөн турат. Азыркы караим тилинде кирп этиши «ирмөө, жумуу, жыйрылуу» маанисин берет. Байыркы түрк тилинде кирп этиши ушундай мааниде колдонгон болуу керек, бирок «Байыркы түрк сөздүгүндө» мындай этиш катталган эмес. Ошондой болсо да андан келип чыккан кирпи, кирпик сөздөрү көрсөтүлгөн. Кирп этишине зат атооч жасоочу -ы мүчөсү жалганып, тоголоктошуп бүрүшүп калчу өзгөчөлүгүнө жараша кирпи сөзү жаралган деп брлжолдоого болот.
Абдан алсыз, начар, араң эле жаны бар, тырп этерге алы жок. – Дени сак болбой куруп калсын, карабайсыңбы кебетесин, кирпигинен тартса жыгылчудай (Акматов). – Балам, кирпигиңден тартса жыгылып кетчүдөй экенсиң (Осмоналиев).
Абдан алсыз, начар, аран эле жаны бар, ырп этерге алы жок. - Дени сак болбой куруп калсын, карабайсыңбы кебетесин, кирпигинен тартса жыгылчудай (Акматов). - Балам, кирпигиңден тартса жыгылып кетчүдөй экенсиң (Осмоналиев).
1. ресница; кирпиктен тартса жыгылчудай (такой слабенький; щупленький, что) дёрни за ресницу, и он упадёт; музоо кирпик длинные ресницы; 2. перен. мерлушковая оторочка на шубе; кирпик какпай или кирпик-көзүн какпай не смыкая глаз; кирпик үйрүн, каш какпай, сүйлөгөн адам человек, который говорит прямо без намёков; кирпигим катынтыр у меня сна нет; меня одолевает бессонница; нечен күндөн уктабай, кирпигим жаман катыптыр фольк. много дней я не спал, у меня бессонница; кирпиктерине кир жугузбай балдарын таза багыптыр она очень заботливо воспитывала детей (букв. воспитывала чисто, не давая рссницам загрязниться); сиздин кирпигинизге кир жугузбай багам я буду вас лелеять; кирпиги тик (чаще о женщине) беззастенчивая, невыдержанная; ачуусу кирпигине чыга түшкөн он вдруг пришёл в ярость; кирпигим-кашым дебейт см.каш I.
Көздүн кирпиги деген учурда айтылган кирпик сөзү кир+пик бөлүктөрүнөн куралган. Көздү ачып-жумуу кирпикти ачып-жумууга барабар, кирпик ачылбаса, көз да ачылбайт. Кирпиктин ушундай өзгөчөлүгүнө жараша ат да келип чыккан. Караим тилинде сакталып калган кирп «ирме, жум, жыйры» этишине зат атооч жасоочу -к мүчөсү жалганып, кирпик сөзү жаралган. Ал сөз «жумулуучу, ирмелүүчү» дегенге жакын маани берген.
Заматта, бир паста, көз ачып-жумганча. Кирпик ирмегенче көздөн кайым болду. В.: Кирпик какканча. Кирпик какканча болбой чоочун машина дыр коюп жүрүп кеткенде далдайып ордунан жылбай далайга чейин турду («Кыргызстан маданияты»). Кирпик ирмемде. Кирпик ирмемде көз алдынан чубурган окуя Равилдин жүрөгүн канатты (Өмүрбаев). Апкаарыган Байымбет кирпик ирмемде кайра чыйралды (Бейшеналиев).
к. КИРПИК ИРМЕГЕНЧЕ
Кирпик ирмемде көз алдынан чубурган окуя Равилдин жүрөгүн канатты (Өмүрбаев). Апкаарыган Байымбет кирпик ирмемде кайра чыйралды (Бейшеналиев).
Уктай албай коюу, уйку бетин көрбөө, уйкусу качуу, чырм этпөө. Батийна узун түндө кирпик какпай саргайды (Сыдыкбеков). Кирпик какпай кичине, Токмоктун келдим шаарына (Казыбек). «Бечара бул да кирпик какпай күтүп жаткан экен го», – деп тиги аялды аяп кетти («Кыргызстан маданияты). Чалгынга барган берендер, Чаалыгып кирпик какпады (Бөкөнбаев). Кош кубаныч жүрөгүн туйлатып, Кычан түндүн далайына чейин кирпик какпады (Бейшеналиев). В.: Кирпик-көзүн какпоо. Таң атканча кирпик-көзүн каккан жок (Жантөшев). Экинчи күнү такыр кирпик-көзүн какпай чыкты (Акматов). Кирпик кага албоо. Көп күндөн бери аттан түшпөй, ат үстүндө талыкшып, ат үстүндө үргүлөп келгенине карабай, эч кирпик кага албады (Касымбеков). Кирпик ирмебөө. Постто кирпик ирмебей турдум (Каралаев). Үй-бүлө кирпик ирмебей маңдайыңда (Осмоналиев).
Уктай албай коюу, уйку бетин көрбөө, уйкусу качуу, чырм этпөө. «Бечара бул да кирпик какпай күтүп жаткан экен го», - деп тиги аялды аяп кетти («Кыргызстан маданияты). Чалгынга барган берендер Чаалыгып кирпик какпады (Бөкөнбаев). Кош кубаныч жүрөгүн туйлатып, Кычан түндүн далайына чейин кирпик какпады (Бейшеналиев).
к. кирпигинен тартса жыгылчудай. Кирпиктен тартса жыгылгандай болуп, менин каркайган сөөгүм топурак көтөрө албай калса да, силерден кайгым жок («Чалкан»). Мен бул катты эс алуу маалында, кирпиктен тартса жыгылчудай абалда экениме карабай жазып жатам (Абакиров).
зат. Тик бурчтуу төрт чарчы формасындагы чоподон бышрылган же ылайдан куюлган курулуш материалы. «Өзүм баштап кирпич куюшамын!» деп директор Бегалиев демилге көрсөттү (Сыдыкбеков). Кирпич заводу.
Туурасы куушураак келген төрт бурчтук формасындагы чоподон бышырылган же ылайдан куюлган курулуш материалын туюндурган бул сөз – эски төл сөздөрдүн бири. Байыркы мезгилдерде орус тилине өткөн. Махмуд Кашгаринин сөздүгүндө «керпич» түрүндө кездешет жана «бышык керпич», «керпич кеби» (калыбы) деген сөз айкаштары да бар. Ал эми азыркы кезде ушул сөздүн синоними болуп жүргөн «кыш» деген сөз иран тилинен келген (Юдахин 1965:501).
Туурасы куушураак келген төрт бурчтук формасындагы чоподон бышырылган же ылайдан куюлган курулуш материалы. Кирпичиңди ким биринчи койду экен? (Токомбаев). Иштебесек, анда мына бу кирпичти ким куйду? (Турусбеков).
(о глазах) потускнеть; курсак ачканда көз киртеет от голода глаза тускнеют; көзү киртейген 1) у него глаза потускнели; 2) он посоловел (напр. о пьяном).
этиш. Чарчагандыктан, кыйналгандыктан көз кош кабаттанып, ары киргенсип көрүнүү. [Сабхаттын баласынын].. чарчагандыгы киртийген көзүнөн байкалып турат (Сасыкбаев).
Чарчагандыктан, кыйналгандыктан көз кош кабаттанып, ары киргенсип көрүнүү. Коңшусунун сабыры суз, көзү киртийип калган экен (Убукеев). Көздөрү киртийип, эриндери кеберсип жыгылчудай араң эле турат (Байтемиров).
input cell (noun)
The cell in which each input value from a data table is substituted. Any cell on a worksheet can be the input cell. Although the input cell does not need to be part of the data table, the formulas in data tables must refer to the input cell.
incoming message (noun)
A message that has been sent across one or more messaging systems. It may have been sent only to you or to many other recipients. Incoming messages are placed in a receive folder designated to hold messages of a particular class. You can set up a different receive folder for each message class that you handle or use one folder for all of the classes.
маркий; киши аты терчил, киши кийими кирчил погов. чужая лошадь потлива, чужая одежда марка (хозяин данной кому-л. на время вещи всегда находит, что взявший обращался с ней небрежно, а пототу лошадь в поту, костюм запачкан и т.п.).
1. Бат кирдей турган, бат булгануучу, бат кирдөөчү. Киши аты терчил, киши кийми кирчил (макал). 2. өт. Ызакор, таарынчаак, капачыл, бат таарынып калма адаты бар. Жарым жандар, карылар өтө кирчил болот (Касымбеков).
Эпилдеп ак ниет, жакшы адам көрүнүп туруп эле, астыртан душмандык жасай берген. Кирээри - эл, чыгаары - жоо куйткуларды куйкалап салар фельетонду жаратам десең, такай эл арала, бирок мен баланча болом деп төш какпа («Чалкан»).
Эпилдеп ак ниет, жакшы адам көрүнүп туруп эле, астыртан душмандык жасай берген. Кирээри – эл, чыгаары – жоо куйткуларды куйкалап салар фелъетонду жаратам десең такай эл арала, бирок мен баланча болом деп төш какпа («Чалкан»).