Киргизско-русский словарь Юдахина
1. тетива (лука);
киричке жебе чалыптыр фольк. он поставил стрелу на тетиву; он вставил стрелу в лук;
киричтен огу чыкканча эр Манас найза салыптыр фольк. не успела ещё стрела (противника) соскочить с тетивы, богатырь Манас ударил копьём;
2. лук (оружие);
киричтен кийик аткан он стрелял кииков из лука;
3. соединительная ткань между отдельными частями внутренностей;
өт жарылып кетпесин, киричин чыгарып жибер отдели жёлчь (жёлчный пузырь), чтобы она не лопнула;
көк боордун киричин чыгарып кой отдели селезёнку;
ичтин киричи обида, затаённый гнев.

Энциклопедия "Манас". ч.1.
КИРИЧ — жаанын эки башы бириктирилип, туурасынан байланган, жебе салып кере тартыла турган жип, кайыш. Эпосто:
Жааны колго алышып,
Жаалданып калышып,
Күчүгөн жүндүү сыр жебе
Киричине чалышып (Сагымбай Орозбаков, 2. 132).
Коломсокко кол салып,
Колуна тартып ок алып,
Киричине чалганча
Коюп Манас кеткени (Сагымбай Орозбаков, 1. 205),— деп сүрөттөлөт.

Кээде жаа маанисинде да колдонулат, к. Жаа.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Жаанын эки башын бириктирип, туурасынан байланган, жебе салып кере тартыла турган жип, кайыш. Киричке жебе чалыптыр («Манас»). Киричтен огу чыкканча, Эр Манас найза салыптыр («Манас»). 2. Жалпы эле жаа (курал) маанисинде колдонулат. Киричтен кийик аткан. Киричке огун салганы («Манас» С. О.). Саадактарынан жебелерди шапа-шупа алышып, киричтерине шапа-шупа салышып, кериле чое тартышып, кайра зыркырата коё беришкен жок (Субанбеков). 3. Ич эттеринин айрым бөлүктөрүн бириктирүүчү чарым сыяктуу нерсе. Өт жарылып кетпесин, киричин чыгарып жибер. Көк боордун киричин чыгарып кой.