КИРИЧ
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Жаанын эки башын бириктирип, туурасынан байланган, жебе салып кере тартыла турган жип, кайыш. Киричке жебе чалыптыр («Манас»). Киричтен огу чыкканча, Эр Манас найза салыптыр («Манас»). 2. Жалпы эле жаа (курал) маанисинде колдонулат. Киричтен кийик аткан. Киричке огун салганы («Манас» С. О.). Саадактарынан жебелерди шапа-шупа алышып, киричтерине шапа-шупа салышып, кериле чое тартышып, кайра зыркырата коё беришкен жок (Субанбеков). 3. Ич эттеринин айрым бөлүктөрүн бириктирүүчү чарым сыяктуу нерсе. Өт жарылып кетпесин, киричин чыгарып жибер. Көк боордун киричин чыгарып кой.