1. ресница;
кирпиктен тартса жыгылчудай (такой слабенький; щупленький, что) дёрни за ресницу, и он упадёт;
музоо кирпик длинные ресницы;
2. перен. мерлушковая оторочка на шубе;
кирпик какпай или кирпик-көзүн какпай не смыкая глаз;
кирпик үйрүн, каш какпай, сүйлөгөн адам человек, который говорит прямо без намёков;
кирпигим катынтыр у меня сна нет; меня одолевает бессонница;
нечен күндөн уктабай, кирпигим жаман катыптыр фольк. много дней я не спал, у меня бессонница;
кирпиктерине кир жугузбай балдарын таза багыптыр она очень заботливо воспитывала детей (букв. воспитывала чисто, не давая рссницам загрязниться);
сиздин кирпигинизге кир жугузбай багам я буду вас лелеять;
кирпиги тик (чаще о женщине) беззастенчивая, невыдержанная;
ачуусу кирпигине чыга түшкөн он вдруг пришёл в ярость;
кирпигим-кашым дебейт см. каш I.
зат. Көз жапкагынын кырындагы (көздүн айланасындагы) майда кылдар. Кирпигин улам-улам ирмеп алды (Аалы). Шарип.. кош кирпигин.. бат-бат ирмеди (Бейшеналиев).
¨ Кирпик какпоо же кирпик ирмебөө — уктабоо, көз илбөө. Кубаныч жүрөгүн туйлатып, Кычан түндүн далайына чейин кирпик какпады (Бейшеналиев). Постто.. кирпик ирмебей тик турдум (Каралаев).
кирпик, кирпиги, кир пикке
кирпик кагуу
кирпиги катуу
кирпигине кир жугуз боо
кирпиги бузулду
Көздүн кирпиги деген учурда айтылган кирпик сөзү кир+пик бөлүктөрүнөн куралган. Көздү ачып-жумуу кирпикти ачып-жумууга барабар, кирпик ачылбаса, көз да ачылбайт. Кирпиктин ушундай өзгөчөлүгүнө жараша ат да келип чыккан. Караим тилинде сакталып калган кирп «ирме, жум, жыйры» этишине зат атооч жасоочу -к мүчөсү жалганып, кирпик сөзү жаралган. Ал сөз «жумулуучу, ирмелүүчү» дегенге жакын маани берген.
Көз жапкагынын кырындагы (көздүн айланасындагы) майда кылдар. Ай, сенин кирпигиңдин төгүлгөнү, Сүзүлөт бир өкүтүн билдиргендей (Чотурова). Шарип кош кирпигин бат-бат ирмеп, көздөрүн балбылдатты (Бейшеналиев).
к.
КИРПИК КАКПОО
Постто кирпик ирмебей турдум (Каралаев). Үй-бүлө кирпик ирмебей маңдайыңда (Осмоналиев).
Заматта, бир паста, көз ачып-жумганча. Кирпик ирмегенче кезден кайым болду.
Заматта, бир паста, көз ачып-жумганча. Кирпик ирмегенче көздөн кайым болду. В.: Кирпик какканча. Кирпик какканча болбой чоочун машина дыр коюп жүрүп кеткенде далдайып ордунан жылбай далайга чейин турду («Кыргызстан маданияты»). Кирпик ирмемде. Кирпик ирмемде көз алдынан чубурган окуя Равилдин жүрөгүн канатты (Өмүрбаев). Апкаарыган Байымбет кирпик ирмемде кайра чыйралды (Бейшеналиев).
к.
КИРПИК ИРМЕГЕНЧЕ
Кирпик ирмемде көз алдынан чубурган окуя Равилдин жүрөгүн канатты (Өмүрбаев). Апкаарыган Байымбет кирпик ирмемде кайра чыйралды (Бейшеналиев).
к.
КИРПИК КАКПОО
Көп күндөн бери аттан түшпөй, ат үстүндө талыкшып, ат үстүндө үргүлөп келгенине карабай, эч кирпик кага албады (Касымбеков).
к.
КИРПИК ИРМЕГЕНЧЕ
Кирпик какканча болбой чоочунмашина дыр коюп жүрүп кеткенде далдайып ордунан жылбай далайга чейин турду («Кыргызстан маданияты»).
Уктай албай коюу, уйку бетин көрбөө, уйкусу качуу, чырм этпөө. Батийна узун түндө кирпик какпай саргайды (Сыдыкбеков). Кирпик какпай кичине, Токмоктун келдим шаарына (Казыбек). «Бечара бул да кирпик какпай күтүп жаткан экен го», – деп тиги аялды аяп кетти («Кыргызстан маданияты). Чалгынга барган берендер, Чаалыгып кирпик какпады (Бөкөнбаев). Кош кубаныч жүрөгүн туйлатып, Кычан түндүн далайына чейин кирпик какпады (Бейшеналиев). В.: Кирпик-көзүн какпоо. Таң атканча кирпик-көзүн каккан жок (Жантөшев). Экинчи күнү такыр кирпик-көзүн какпай чыкты (Акматов). Кирпик кага албоо. Көп күндөн бери аттан түшпөй, ат үстүндө талыкшып, ат үстүндө үргүлөп келгенине карабай, эч кирпик кага албады (Касымбеков). Кирпик ирмебөө. Постто кирпик ирмебей турдум (Каралаев). Үй-бүлө кирпик ирмебей маңдайыңда (Осмоналиев).
Уктай албай коюу, уйку бетин көрбөө, уйкусу качуу, чырм этпөө. «Бечара бул да кирпик какпай күтүп жаткан экен го», - деп тиги аялды аяп кетти («Кыргызстан маданияты). Чалгынга барган берендер Чаалыгып кирпик какпады (Бөкөнбаев). Кош кубаныч жүрөгүн туйлатып, Кычан түндүн далайына чейин кирпик какпады (Бейшеналиев).
к.
КИРПИК КАКПОО
Таң атканча кирпик-көзүн каккан жок (Жантөшев). Экинчи күнү такыр кирпик-көзүн какпай чыкты (Акматов).
к. кирпигинен тартса жыгылчудай. Кирпиктен тартса жыгылгандай болуп, менин каркайган сөөгүм топурак көтөрө албай калса да, силерден кайгым жок («Чалкан»). Мен бул катты эс алуу маалында, кирпиктен тартса жыгылчудай абалда экениме карабай жазып жатам (Абакиров).
сын. Кирпиги узун. Кирпиктүү өткүр көзүн жаш чайыды (Сыдыкбеков).
Кирпиги узун. Тереңге тиктеген кирпиктүү өткүр көзүн жаш чайды (Сыдыкбеков).
Түз, таамай, эч тартынбай. Кирпик үйрүп, каш какпай сүйлөгөн адам.