кирпик
Толковый словарь кыргызского языка (1969) зат. Көз жапкагынын кырындагы (көздүн айланасындагы) майда кылдар. Кирпигин улам-улам ирмеп алды (Аалы). Шарип.. кош кирпигин.. бат-бат ирмеди (Бейшеналиев).
¨ Кирпик какпоо же кирпик ирмебөө — уктабоо, көз илбөө. Кубаныч жүрөгүн туйлатып, Кычан түндүн далайына чейин кирпик какпады (Бейшеналиев). Постто.. кирпик ирмебей тик турдум (Каралаев).