Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Көздүн кирпиги деген учурда айтылган кирпик сөзү кир+пик бөлүктөрүнөн куралган. Көздү ачып-жумуу кирпикти ачып-жумууга барабар, кирпик ачылбаса, көз да ачылбайт. Кирпиктин ушундай өзгөчөлүгүнө жараша ат да келип чыккан. Караим тилинде сакталып калган кирп «ирме, жум, жыйры» этишине зат атооч жасоочу -к мүчөсү жалганып, кирпик сөзү жаралган. Ал сөз «жумулуучу, ирмелүүчү» дегенге жакын маани берген.