Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Уктай албай коюу, уйку бетин көрбөө, уйкусу качуу, чырм этпөө. «Бечара бул да кирпик какпай күтүп жаткан экен го», - деп тиги аялды аяп кетти («Кыргызстан маданияты). Чалгынга барган берендер Чаалыгып кирпик какпады (Бөкөнбаев). Кош кубаныч жүрөгүн туйлатып, Кычан түндүн далайына чейин кирпик какпады (Бейшеналиев).