КИРПИК КАКПОО
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Уктай албай коюу, уйку бетин көрбөө, уйкусу качуу, чырм этпөө. Батийна узун түндө кирпик какпай саргайды (Сыдыкбеков). Кирпик какпай кичине, Токмоктун келдим шаарына (Казыбек). «Бечара бул да кирпик какпай күтүп жаткан экен го», – деп тиги аялды аяп кетти («Кыргызстан маданияты). Чалгынга барган берендер, Чаалыгып кирпик какпады (Бөкөнбаев). Кош кубаныч жүрөгүн туйлатып, Кычан түндүн далайына чейин кирпик какпады (Бейшеналиев). В.: Кирпик-көзүн какпоо. Таң атканча кирпик-көзүн каккан жок (Жантөшев). Экинчи күнү такыр кирпик-көзүн какпай чыкты (Акматов). Кирпик кага албоо. Көп күндөн бери аттан түшпөй, ат үстүндө талыкшып, ат үстүндө үргүлөп келгенине карабай, эч кирпик кага албады (Касымбеков). Кирпик ирмебөө. Постто кирпик ирмебей турдум (Каралаев). Үй-бүлө кирпик ирмебей маңдайыңда (Осмоналиев).