КИРПИК ИРМЕГЕНЧЕ
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Заматта, бир паста, көз ачып-жумганча. Кирпик ирмегенче көздөн кайым болду. В.: Кирпик какканча. Кирпик какканча болбой чоочун машина дыр коюп жүрүп кеткенде далдайып ордунан жылбай далайга чейин турду («Кыргызстан маданияты»). Кирпик ирмемде. Кирпик ирмемде көз алдынан чубурган окуя Равилдин жүрөгүн канатты (Өмүрбаев). Апкаарыган Байымбет кирпик ирмемде кайра чыйралды (Бейшеналиев).