(или кирпи чечен или кирпичечен) ёж; карга баласын анпагым дейт, кирпи баласын жумшагым дейт погов. грач называет своего детёныша беленьким, ёж называет своего детёныша мягоньким; своё не мыто, да бело.
Тикен сыяктуу түгү бар кичинекей жаныбардын атын билдирген кирпи сөзү кирп+и бөлүктөрүнөн турат. Азыркы караим тилинде кирп этиши «ирмөө, жумуу, жыйрылуу» маанисин берет. Байыркы түрк тилинде кирп этиши ушундай мааниде колдонгон болуу керек, бирок «Байыркы түрк сөздүгүндө» мындай этиш катталган эмес. Ошондой болсо да андан келип чыккан кирпи, кирпик сөздөрү көрсөтүлгөн. Кирп этишине зат атооч жасоочу -ы мүчөсү жалганып, тоголоктошуп бүрүшүп калчу өзгөчөлүгүнө жараша кирпи сөзү жаралган деп брлжолдоого болот.
Абдан алсыз, начар, араң эле жаны бар, тырп этерге алы жок. – Дени сак болбой куруп калсын, карабайсыңбы кебетесин, кирпигинен тартса жыгылчудай (Акматов). – Балам, кирпигиңден тартса жыгылып кетчүдөй экенсиң (Осмоналиев).
Абдан алсыз, начар, аран эле жаны бар, ырп этерге алы жок. - Дени сак болбой куруп калсын, карабайсыңбы кебетесин, кирпигинен тартса жыгылчудай (Акматов). - Балам, кирпигиңден тартса жыгылып кетчүдөй экенсиң (Осмоналиев).
1. ресница; кирпиктен тартса жыгылчудай (такой слабенький; щупленький, что) дёрни за ресницу, и он упадёт; музоо кирпик длинные ресницы; 2. перен. мерлушковая оторочка на шубе; кирпик какпай или кирпик-көзүн какпай не смыкая глаз; кирпик үйрүн, каш какпай, сүйлөгөн адам человек, который говорит прямо без намёков; кирпигим катынтыр у меня сна нет; меня одолевает бессонница; нечен күндөн уктабай, кирпигим жаман катыптыр фольк. много дней я не спал, у меня бессонница; кирпиктерине кир жугузбай балдарын таза багыптыр она очень заботливо воспитывала детей (букв. воспитывала чисто, не давая рссницам загрязниться); сиздин кирпигинизге кир жугузбай багам я буду вас лелеять; кирпиги тик (чаще о женщине) беззастенчивая, невыдержанная; ачуусу кирпигине чыга түшкөн он вдруг пришёл в ярость; кирпигим-кашым дебейт см.каш I.
Көздүн кирпиги деген учурда айтылган кирпик сөзү кир+пик бөлүктөрүнөн куралган. Көздү ачып-жумуу кирпикти ачып-жумууга барабар, кирпик ачылбаса, көз да ачылбайт. Кирпиктин ушундай өзгөчөлүгүнө жараша ат да келип чыккан. Караим тилинде сакталып калган кирп «ирме, жум, жыйры» этишине зат атооч жасоочу -к мүчөсү жалганып, кирпик сөзү жаралган. Ал сөз «жумулуучу, ирмелүүчү» дегенге жакын маани берген.
Заматта, бир паста, көз ачып-жумганча. Кирпик ирмегенче көздөн кайым болду. В.: Кирпик какканча. Кирпик какканча болбой чоочун машина дыр коюп жүрүп кеткенде далдайып ордунан жылбай далайга чейин турду («Кыргызстан маданияты»). Кирпик ирмемде. Кирпик ирмемде көз алдынан чубурган окуя Равилдин жүрөгүн канатты (Өмүрбаев). Апкаарыган Байымбет кирпик ирмемде кайра чыйралды (Бейшеналиев).
к. КИРПИК ИРМЕГЕНЧЕ
Кирпик ирмемде көз алдынан чубурган окуя Равилдин жүрөгүн канатты (Өмүрбаев). Апкаарыган Байымбет кирпик ирмемде кайра чыйралды (Бейшеналиев).
Уктай албай коюу, уйку бетин көрбөө, уйкусу качуу, чырм этпөө. Батийна узун түндө кирпик какпай саргайды (Сыдыкбеков). Кирпик какпай кичине, Токмоктун келдим шаарына (Казыбек). «Бечара бул да кирпик какпай күтүп жаткан экен го», – деп тиги аялды аяп кетти («Кыргызстан маданияты). Чалгынга барган берендер, Чаалыгып кирпик какпады (Бөкөнбаев). Кош кубаныч жүрөгүн туйлатып, Кычан түндүн далайына чейин кирпик какпады (Бейшеналиев). В.: Кирпик-көзүн какпоо. Таң атканча кирпик-көзүн каккан жок (Жантөшев). Экинчи күнү такыр кирпик-көзүн какпай чыкты (Акматов). Кирпик кага албоо. Көп күндөн бери аттан түшпөй, ат үстүндө талыкшып, ат үстүндө үргүлөп келгенине карабай, эч кирпик кага албады (Касымбеков). Кирпик ирмебөө. Постто кирпик ирмебей турдум (Каралаев). Үй-бүлө кирпик ирмебей маңдайыңда (Осмоналиев).
Уктай албай коюу, уйку бетин көрбөө, уйкусу качуу, чырм этпөө. «Бечара бул да кирпик какпай күтүп жаткан экен го», - деп тиги аялды аяп кетти («Кыргызстан маданияты). Чалгынга барган берендер Чаалыгып кирпик какпады (Бөкөнбаев). Кош кубаныч жүрөгүн туйлатып, Кычан түндүн далайына чейин кирпик какпады (Бейшеналиев).
к. кирпигинен тартса жыгылчудай. Кирпиктен тартса жыгылгандай болуп, менин каркайган сөөгүм топурак көтөрө албай калса да, силерден кайгым жок («Чалкан»). Мен бул катты эс алуу маалында, кирпиктен тартса жыгылчудай абалда экениме карабай жазып жатам (Абакиров).
зат. Тик бурчтуу төрт чарчы формасындагы чоподон бышрылган же ылайдан куюлган курулуш материалы. «Өзүм баштап кирпич куюшамын!» деп директор Бегалиев демилге көрсөттү (Сыдыкбеков). Кирпич заводу.
Туурасы куушураак келген төрт бурчтук формасындагы чоподон бышырылган же ылайдан куюлган курулуш материалын туюндурган бул сөз – эски төл сөздөрдүн бири. Байыркы мезгилдерде орус тилине өткөн. Махмуд Кашгаринин сөздүгүндө «керпич» түрүндө кездешет жана «бышык керпич», «керпич кеби» (калыбы) деген сөз айкаштары да бар. Ал эми азыркы кезде ушул сөздүн синоними болуп жүргөн «кыш» деген сөз иран тилинен келген (Юдахин 1965:501).
Туурасы куушураак келген төрт бурчтук формасындагы чоподон бышырылган же ылайдан куюлган курулуш материалы. Кирпичиңди ким биринчи койду экен? (Токомбаев). Иштебесек, анда мына бу кирпичти ким куйду? (Турусбеков).