Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Тикен сыяктуу түгү бар кичинекей жаныбардын атын билдирген кирпи сөзү кирп+и бөлүктөрүнөн турат. Азыркы караим тилинде кирп этиши «ирмөө, жумуу, жыйрылуу» маанисин берет. Байыркы түрк тилинде кирп этиши ушундай мааниде колдонгон болуу керек, бирок «Байыркы түрк сөздүгүндө» мындай этиш катталган эмес. Ошондой болсо да андан келип чыккан кирпи, кирпик сөздөрү көрсөтүлгөн. Кирп этишине зат атооч жасоочу -ы мүчөсү жалганып, тоголоктошуп бүрүшүп калчу өзгөчөлүгүнө жараша кирпи сөзү жаралган деп брлжолдоого болот.