Т. Абдиев. "Сөз башат". Этимологические этюды
Туурасы куушураак келген төрт бурчтук формасындагы чоподон бышырылган же ылайдан куюлган курулуш материалын туюндурган бул сөз – эски төл сөздөрдүн бири. Байыркы мезгилдерде орус тилине өткөн. Махмуд Кашгаринин сөздүгүндө «керпич» түрүндө кездешет жана «бышык керпич», «керпич кеби» (калыбы) деген сөз айкаштары да бар. Ал эми азыркы кезде ушул сөздүн синоними болуп жүргөн «кыш» деген сөз иран тилинен келген (Юдахин 1965:501).