Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. Тик бурчтуу төрт чарчы формасындагы чоподон бышрылган же ылайдан куюлган курулуш материалы. «Өзүм баштап кирпич куюшамын!» деп директор Бегалиев демилге көрсөттү (Сыдыкбеков). Кирпич заводу.

Т. Абдиев. "Сөз башат". Этимологические этюды
Туурасы куушураак келген төрт бурчтук формасындагы чоподон бышырылган же ылайдан куюлган курулуш материалын туюндурган бул сөз – эски төл сөздөрдүн бири. Байыркы мезгилдерде орус тилине өткөн. Махмуд Кашгаринин сөздүгүндө «керпич» түрүндө кездешет жана «бышык керпич», «керпич кеби» (калыбы) деген сөз айкаштары да бар. Ал эми азыркы кезде ушул сөздүн синоними болуп жүргөн «кыш» деген сөз иран тилинен келген (Юдахин 1965:501).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Туурасы куушураак келген төрт бурчтук формасындагы чоподон бышырылган же ылайдан куюлган курулуш материалы. Кирпичиңди ким биринчи койду экен? (Токомбаев). Иштебесек, анда мына бу кирпичти ким куйду? (Турусбеков).