КИРПИГИНЕ КИР ЖУГУЗБОО
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)1. Бапестеп багуу, таза кармоо, күтүү. Өзүм төрөгөн баламдан артык көрүп, кирпигине кир жугузбай алпештедим («Кыргызстан маданияты»). Баламды өзүм алам. Кирпигине кир жугузбай өзүм багам (Тойбаев). Кирпигине кир жугузбай бапестеп багат (Ш. Үмөталиев). 2. Ашыра мактоо, көтөрө чалуу. Анысына карабай Досалиев өзүнүн эсеп-кысап кызматкерлерин жандай сүйөт, алардын кирпигине кир жугузбайт («Чалкан»). Бир ай бою кирпигине кир жугузбады («Чалкан»).