Энциклопедия "Манас". ч.1.
«КИРИШ СӨЗ» — Б. Юнусалиевдин «Манас» эпосунун курама вариантына (Курама варианты) жазган баш макаласы («Манас», 1-бөлүк, 1-китеп, Фр., 1958). Макалада Курама варианты түрүндө басмадан чыгаруунун зарылдыгы, максаты, мааниси жана эпосту окурмандардын кеңири чөйрөсүнө арнап чыгаруунун, бастырууга кире турган эпизоддорду тандап алуунун, жалпы эле текстти басмага даярдоонун принциптери жөнүндөгү илимий ойлор кеңири айтылган. Айрыкча «Манас» эпосуна арналган Бүткүл союздук илимий конференциядан (1952, 6—10-июнь) кийин эпос боюнча топтолгон материалдарды системага салып, басмага даярдоо жана илимий изилдөө багытындагы иштер жүзөгө ашкан. Натыйжада «Манас» үчилтигинин Курама вариантынын төрт китеби («Манас» 1—2, «Семетей», «Сейтек») жарыкка чыкты.
«Манас» өңдүү улуу эпостун көптөгөн илимий проблемаларынын ичинен анын зор көлөмү илимпоздордун көңүлүн бөтөнчө буруп келгендиги биринчиден, элдин көркөм сөз өнөрүнүн бөтөнчө өнүккөндүгү, экинчиден, элдин тилинин чексиз байлыгын айгинелейт. Анткени, «жүздөгөн жылдар бою кыргыздар үчүн бул эпос таалим алуучу роман китептин, таасирдүү сахнанын, түстүү экрандын, өткөндү эске салуучу тарых китебинин милдетин аткарган». Эпос менен тарыхтын байланышы жөнүндө фольклористика илиминде бири-бирине карама-каршы пикирлердин жашагандыгы белгилүү. Айрым окумуштуулар эпосто көркөм чагылдырылган тарыхый окуяларды бир беткей карашып, эпосту тарыхтын жыйнагы катары баалашып, анын көркөм чыгарма экендигин унутуп коюшат. Бул маанилүү маселе боюнча Б. Юнусалиевдин пикири негиздүү экендигин окумуштуунун төмөнкү сөздөрү ачык далилдеп турат. «Эпос тарых эмес, бирок «Манас» эпосунун кыргыз элинин тарыхына байланыштуу экенин танууга болбойт». «Манас» эпосунда элдин байыркы мезгилдеги коомго, жаратылышка болгон мамилелери, түшүнүктөрү кеңири көркөм баяндалгандыгын белгилеп, кыргыздардын диний түшүнүктөрү, мифтик, фантастикалык ой жүгүртүүлөрү арбын кезигерин айтат. Кыргыздын көркөм мурасы «Манасты» жараткан, сактаган, өнүктүргөн манасчылардын варианттарынан кыскартып түзүлгөн Курама вариантынын негизин Саякбай Каралаевдин варианты түзөрүн белгилеп, андагы окуяларды мүнөздөгөн. Ошондой эле окуяларынын молдугу, күлүк ой жүгүртүүлөр, апыртуулардын кеңирилиги чыгармага зор масштабдуулук мүнөз бергенин каармандары да дээрлик эпикалык өмүр баяны бар образдардан экенин көрсөтүп образдар системасына кеңири талдоо жүргүзгөн.
«Манас» эпосунун жаралуу доору боюнча да Б. Юнусалиевдин негиздүү илимий божомолу бар. Бул олуттуу проблеманы туура чечүү эпостун идеялык мазмумун, образдар системасын, көркөм поэтикасын туура түшүнүп, туура баа берүүгө өбөлгө болорун белгилейт да, эпостогу тарыхый, этнографиялык, лингвистикалык, географиялык маалыматтарга таянып, «Манас» эпосу Алтай доорунда (9—11-к.) пайда болгон деген пикирди айтат. Эбегейсиз зор эпостун саясий, тарыхый жана көркөмдүк жагынан маанисинин чоң экенин баса белгилеп, келечекте эпостон орун алган тарыхый окуяларды, мотивдерди, этнографиялык жана мифологиялык элементтерди, эпостун тилин, стилин, образ системасын, сюжеттик сызыгын, варианттарындагы айырмаларын, эпостогу окуялар менен граждандык тарыхтын байланыштарын терең изилдөө керектигин сергек баамдап, туура илимий жыйынтык чыгарган.
Б. Юнусалиев «К. с-дө» кыргыз эли үчүн зор сыймык, кубанычтуу окуя болгон Курама вариантына талдоо жүргүзүп, тексттеринин тарыхта биринчи мертебе жарыяланышына чоң баа берген.
Ж. Сагынов