КИР II
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Таза эмес кирдеген көрүнүш, булганычтык. Аппак жака кир болор (Сыдыкбеков). Аптада жууп ак кылып, Кир кийимди кийгизбейт (Тоголок Молдо). 2. Жуула турган жана жуулуп тазартылган, ар кандай кийим-кече, шейшеп, бет аарчы, суулук ж. б. жалпы наамы. Тээтигинде кир жайып, Карап турат бураң бел (Турусбеков). Кере тартылган жипте кир жайылып турат («Жаш ленинчи»). 3. өт. Жаманатты, күнөө, айып. Байкабасаң баары бир, Таза башың болот кир (Токомбаев). Бизди кир кыла турган жаман иштердин бири ушул эмеспи («Ала-Тоо»). 4. өт. Капа, таарыныч, ич күптү. Көңүлүнө кир кетип жүрбөсүн (Жантөшев). Ичинде турган кирлерин Ойлонуп чунак жойгон жок («Семетей»). 5. өт. Кек, жамандык, жаман ниеттүүлүк. Көз карашын байкасам, Көңүлүндө кири бар («Мендирман»). Ичине кир сактаган, Эл ичинде көп болду (Тоголок Молдо).