Краткий этимологический словарь кыргызского языка
«Сууга түшүү, жуунуу» маанисиндеги кирин сөзү кир этишине өздүк мамиленин мүчөсү жалганышынан келип чыккан. Азыркы алтай тилинде Мен сууга кирдим тизмеги кыргызча Мен сууга кириндим сүйлөмүнө барабар келет. Алтай тилинде сууга кирүү аркылуу жуунуп, тазаланып, салкындап алары өзүнөн-өзү көрүнүп турат. Башкача айтканда, ал тилде «сууга түшүү» дегенди кир этишинин бир мааниси деп гана билүүгө болот. Ал эми кыргыз тилинде болсо ошол эле кир деген этишке өздүк мамиленин -н мүчөсү ширешип калган түрү гана алтайча кир этишинин маанисин берип калган.