Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Эсесин чыгаруу, акыбетин кайтаруу, мээнетинин акысын алуу, түйшүктүн жыргалын көрүү. Сен киресин чыгарганча мен эмне кылышым керек? (Саатов). Ошондо тамчы суунун киресин чыгарды (Жусупов). Мен үчүн далай жылы таттуу уйкуңду бузуп, эми ошонун киресин чыгарып, укта дегин, -деди Жылдызкан (Байтемиров). 2. Көргүлүктү көрсөтүү, азабын тарттыруу. Мына кызык, жети түндө кыз бала эркек менен ээн талаада жүрүппү? Шашпа, киресин чыгарам (Саатов).