Энциклопедия "Манас". ч.1.
«КИРГИЗСКИЙ ГЕРОИЧЕСКИЙ ЭПОС «МАНАС»» — китеп, орус тилинде жазылган илимий эмгектердин жана макалалардын жыйнагы (Москва, 1961). Китептин редколлегиясы М. И. Богданова, В. М. Жирмунский, А. А. Петросян. Китептин аягына П. Н. Берков менен Э. К. Сагидова түзгөн «Манас» жөнүндөгү адабияттардын библиографиялык көрсөткүчү жыл ирети боюнча берилген. Библиографияда адам аттарынын, ошондой эле географиялык жана этнографиялык аталыштардын, искусство чыгармалары менен элдик чыгармачылыктын аттарынын көрсөткүчтөрү кошо берилген. Китепте А. А. Петросяндын кириш сөз катары ««Манас» эпосунун элдиктүүлүгү жөнүндөгү маселеге карата», М. Ауэзовдун ««Манас» кыргыз элинин баатырдык поэмасы», В. М. Жирмунскийдин ««Манас» эпосун изилдөөгө киришүү», М. Богданованын «Кыргыздын баатырдык эпосу «Манастын» өзгөчөлүгү жөнүндө», П. Н. Берковдун ««Манас» жана Алтай эпосу», А. Токомбаевдин ««Манас» үчилтик эпосунун элдүүлүгү жөнүндөгү маселеге карата», Т. Сыдыкбековдун ««Манас» үчилтик эпосунун үчүнчү бөлүгү — «Сейтек» поэмасынын элдүүлүгү жөнүндө», Б. Юнусалиевдин ««Манас» эпосунун бириктирилген вариантын түзүүдөгү тажрыйба тууралуу» — деген эмгектери кирген.
Ж. Сагынов

Кыргызско-английский словарь компьютерных терминов Microsoft (2016)
input/output (noun)
The creation of an image containing geometric models, using color and shading to give the image a realistic look. Usually part of a geometric modeling package such as a CAD program, rendering uses mathematics to describe the location of a light source in relation to the object and to calculate the way in which the light would create highlights, shading, and variations in color. The degree of realism can range from opaque, shaded polygons to images approximating photographs in their complexity.