КИРЕРГЕ ЖЕР ТАППОО
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Бир нерседен катуу корккондуктан же аябай уялгандыктан эмне кыларын билбей калуу, айласы кетүү. Башкы врачтын көзүн көргөндө бөйпөңдөп, кирерге жер таппай калат (Бердикеев). Коркконунан үрөйү учуп, кирерге жер таппайт (Тойбаев). Ал ошондо гана кыздын эмне максат менен келгендигине түшүнүп, кирерге жер таппай, бети чымырады (Саатов). В.: Кирерге жай таппоо. Кокустан күн бүркөлүп, сыдырым шамалы ызгаар аралаш сокчу болсо, кирерге жай таппай, корголойсуң! (Абдукаимов). Кирерге ийин таппай калуу. Кулубек байкем акырая бир караса, кирерге ийин таппай калар (Айтматов). Кирерге көр таппоо. Душман кирерге көр таппай калды («Ала-Тоо»). Кирерге көр, жашынарга жер таппоо. Душман кирерге көр, жашынарга жер таппай, жаагы жап болду («Ала-Тоо»).